2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорт негизги параметрлери:

  • электрондук чип (контактсыз), паспорттун арткы мукабасында жайгашкан;
  • мукабасын кошпогондо, 34 же 50 барактан турат (арыз ээсинин каалоосу боюнча);
  • кагаз барактары суу белгилери менен атайын кагаздан даярдалган;
  •  жеке маалыматтарды камтыган барак жука поликарбонаттан жасалган;
  • үчүнчү баракты персоналдаштыруу атайын басманын жардамы менен
  • жалпы жарандык паспорттунун мукабасы кочкул көк түстө;
  • заманбап коргоо элементтери;
  • манжаларынын тагынын болушу.

 

2020 - жылдын үлгүсүндөгү жаңы жалпы жарандык паспорттор - бул тиешелүү бардык эл аралык стандарттарга ылайык, сапаты боюнча да коргоолуусу жактан да толугу менен мамлекеттин кызыкчылыктарына жооп берген жана аларды сырттан болуучу бардык терс чакырыктардан коргоого багытталган документтер.

Жаңы электрондук паспорттордун негизги артыкчылыгы болуп 30дан ашуун заманбап коргоо элементтерин колдонулуусу, паспорттун арткы мукабасында электрондук чиптин болушу, заманбап материалдар жана жеке маалыматты түшүрүүдө лазердик технологияны колдонуулушу.

Электрондук паспорт Кыргыз Республикасынын жарандарынын өлкөдөн сырткары чыгуусундагы жана эл аралык учуулардагы маанилүү документтеринин бири болуп саналат.

 

 

Маанилүү:

  • механикалык, температуралык жана электромагниттик таасирге туш кылбаңыз!
  • нымдуулуктан алыс кармаңыз!
  • мобилдик телефон жана үй-тиричилик техникаларынын жанында сактабаңыз!