“Инфоком” МИ калктын социалдык жактан аялуу катмарын колдоого багытталган маанилүү демилгени эске салат. Кыргызстандын калкты тейлөө борборлорунда жарандар үчүн паспорт тариздөөгө мобилдик топтордун акысыз чыгуулары каралган.

Социалдык жактан аялуу топтор, анын ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, карылар үйлөрүндө жашаган адамдар, I (биринчи) топтогу майыптар, жетимдер жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары бул уникалдуу кызматтан пайдалана алышат. Бул социалдык жактан аялуу жарандарга кошумча финансылык чыгымдарсыз керектүү жардамдарды алууга мүмкүндүк берет.

Адатта, социалдык аялуу категорияга кирбеген жарандар үчүн бир чыгуунун баасы документтештирүү каралган адамдардын санына жараша бир адамга 302 сомдон 935 сомго чейин болот. Бул программанын жардамы менен мобилдик топтордун чыгуусу үчүн чыгымдар социалдык муктаждыкта тургандар үчүн нөлгө барабар болуп калат.

Мобилдик топтордун борборлору паспортко документтерди тариздөө үчүн бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган. Акысыз чыгууга билдирмени тариздөө үчүн жарандар “119” колл-борборуна кайрылуусу зарыл. Региондордо түздөн-түз калкты тейлөө борборлоруна арыз калтырса болот.

 

Мобилдик топтор иштеген региондордун тизмеси:

•             Бишкек ш.;

•             Ош ш. (Ош облусу);

•             Базар-Коргон ш. (Жалал-Абад облусу);

•             Жалал-Абад ш. (Жалал-Абад облусу);

•             Баткен ш. (Баткен облусу);

•             Раззаков ш. (Баткен облусу);

•             Өзгөн ш. (Ош облусу);

•             Талас ш. (Талас облусу);

•             Нарын ш. (Нарын облусу);

•             Кочкор району (Нарын облусу);

•             Кызыл-Суу а. (Ысык-Көл облусу);

•             Каракол ш. (Ысык-Көл облусу);

•             Сокулук району (Чүй облусу).

 

Мобилдик топтордун борборлору дүйшөмбүдөн жумага чейин иштейт жана түшкөн арыздарды эске алуу менен графикке ылайык чыгат. Биз социалдык жактан аялуу жарандарыбызга колдоо көрсөтүү жана маанилүү документтерди тариздөө процессин жөнөкөйлөтүү үчүн колдон келген аракетибизди жумшайбыз.

Кызматты акы төлөө негизинде, анын ичинде корпоративдик кардарларга жеке колдонсо болот:

 

Бишкек шаары жана Ош шаары

1. Жеке чыгуу - 1154 сом (1 адамга);

2. 2ден 5 кишиге чейин - 972 сом (1 адамга);

3. 6 адамдан 10 адамга чейин – 790 сом (1 адамга);

4. 11 жана андан ашык адамдан – 607 сом (1 адамга).

Транспорт каражаттары болгон учурда аймактарга чыгуунун наркы:

1. Жеке чыгуу - 938 сом (1 адамга);

2. 2ден 5 кишиге чейин – 799 сом (1 адамга);

3. 6 адамдан 10 адамга чейин – 660 сом (1 адамга);

4. 11 жана андан ашык адамдан – 521 сом (1 адамга).