Улуу Жеңиштин 70 жылдык мааракесине арналат: эсте тутабыз, урматтайбыз, сыймыктанабыз!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш Күнүнүн 70 жылдык мааракесине арналган pobeda.srs.kg Интернет-долбоорун иштете баштайт. Долбоордун алкактарында биздин окурмандарды кызыктыра турган бир катар кызыктуу жана өзгөчөлөнгөн материалдар сунушталмакчы.

Бул долбоор – Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш Күнүнө арналган.

70 жыл мурун, 1945-жылдын май айында, согушта Германиянын куралдуу күчтөрүнүн шексиз түрдөгү капитуляциялануусу тууралуу жарыяланган. Гитлердик армиялардын Советтер Союзуна каардуу кол салуусу, талкаланган шаарлар, блокада жана ачарчылык – ушунун баарын биздин ата-бабаларыбыз өз көздөрү менен көрүшкөн. Брест чебинин жана Сталинграддын баатырдык менен коргонуусу, Москва үчүн айыгышкан салгылашуу, Курск салгылашы, Украинанын, Белоруссиянын, Прибалтиканын, Молдавиянын, Румыниянын жана башка өлкөлөрдүн бошотулушу, акырында, Берлинге болгон штурм – бул окуялар алтын тамгалар менен Кызыл Армиянын жана анын пикирлештеринин баатырдык даңкын маалым кылуу менен, бүткүл согуштун тарыхына жазылып коюлган.

Долбоордун алкактарында бир катар кызыктуу жана өзгөчөлөнгөн материалдар берилмекчи. Алсак, согуш маалындагы фотосүрөттөр, согушта болгон партизандардын ишмердиги жана Кызыл Армиянын жана Кыргыз ССРинен барышкан согуштун катышуучуларынын башка фотоматериалдары жарыяланмакчы.

Сайттын маанилүү бөлүгү болуп согуш жылдарында курман болгон жана дайынсыз жок болгон солдаттар тууралуу маалыматтардын электрондук банкы, Кыргыз Республикасынын аймагынан чакырылган УАС катышуучулары тууралуу маалыматтар эсептелет

Биз өз ата-бабаларыбыздын ушул согуштагы эрдигин эсибизде сактайбыз, биз алардын баатырдык эркин жана эркиндикке умтулуусун баалайбыз, биз өз урпактарына эркиндикти белек кылышкандар тууралуу эске тутууну урматтайбыз!

Адрес: http://pobeda.srs.kg/