Суроо-жооп

 

1. КТБлардын иштөө графиги?

Дүйшөмбүдөн жумага чейин, саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт, 12:30дан 13:30га чейин түшкү тыныгуу (тамактануу).

 

2. КТБга кезекке жазылса болобу?

Ооба, Бишкек жана Ош шаарларында КТБларга (чакан КТБларды кошпогондо) баруу үчүн кезекти брондоо боюнча санариптик кызмат көрсөтүү иштелип чыкты, ал убакытты үнөмдөөгө жана кызматтарды кезек күтпөстөн алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул үчүн EarlyOne мобилдик тиркемесин AppStore же Playmarket жүктөп алуу зарыл, андан соң ыңгайлуу КТБны, күндү жана убакытты, өлкөнү (Кыргызстанды) жана тейлөөнүн ыңгайлуу тилин (орус же кыргыз) тандоо; Колдонмо кодду жаратат жана электрондук кезек системасында виртуалдык орунду түзөт. КТБга келгенден кийин электрондук кезек терминалына барып, тиркемеде мурда берилген кодду киргизүү керек. Талон берилет, анын номери күтүү залындагы мониторго чыгарылат.

Эскертүү! Белгиленген убакыттан 20 мүнөт мурун КТБга келүү зарыл; эгерде адам жетише албаса, тиркемеде брондоону 15 мүнөткө калтыруу мүмкүнчүлүгү бар.

 

3. Кайсы КТБлар дем алыш күндөрү да иштейт, алардын даректери?

Өлкө боюнча чакан КТБлар иштейт:

Чынгыз Айтматов пр., 3, “Азия Молл” СБ;

Шабдан Баатыр 41б, “Глобус” гипермаркети;

Кичи КТБлардын иштөө графиги: шейшемби - жекшемби 10:00дөн 19:00гө чейин, түшкү тыныгуу 14:00 - 15:00. Дүйшөмбү дем алыш

 

 4. Консультация алуу үчүн кимге кайрылабыз?

- 119 кыска номерине чалып, бардык уюлдук байланыш операторлору үчүн чалуу акысыз. СӨМ маалымат кызматы иштейт: дүйшөмбү-жума саат 09.00дөн 18.00гө чейин.

Түшкү тыныгуу 12:30дан 13:30га чейин ишемби жана жекшемби дем алыш.

Ошондой эле республика боюнча КТБнын ишмердүүлүгүнө тиешелүү онлайн маалыматтарды алууга болот, расмий сайттардан онлайн консультант бар:  https://digital.gov.kg/  http://grs.gov.kg/ https://portal.srs.kg/ http://nomer.srs.kg/ https://infocom.kg/  (https:/tizme.gov.kg/)

Infocom Telegram

 

5. Паспорттордун даяр болушун онлайн кантип билсек болот?

Паспорттун даярдыгын “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынан “Жаңы паспорттун даярдыгынын статусу жөнүндө маалымат” кызматы боюнча онлайн текшерүүгө болот: //portal.tunduk.kg/public_services/opisanie/218

 

 6. Азия Молл соода борборундагы чакан КТБдан кандай кызматтарды алууга болот?

- Чакан КТБларда төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:

- паспорт алмаштыруу;

- жоготуу боюнча калыбына келтирүү;

- паспортту базалык каттоосу бар болсо алгачкы жолу алуу;

- чиптен көчүрмө;

- базада болгон учурда ПИНди кайрдан берүү.

 

7. Паспорт жоголгон учурда кайрылган жери боюнча калыбына келтирүүгө болобу?

- Ооба. Эгерде арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын аймагында актуалдуу жана туруктуу каттоосу болсо;

 

8. КТБларда кандай кызматтарды VIP-кызматы аркылуу алууга болот?

Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн ири КТБларда документтерди тездетип тариздөө боюнча VIP -кызматы көрсөтүлөт - паспортторду алмаштыруу, жоготуу, алгачкы алуу гана жеткиликтүү -1 паспорт (ID- карта же ЖЖП) банктын комиссиясын эске албаганда, баасы: 888 сом (1 кызмат үчүн), 2 паспорт үчүн (ID- карта же ЖЖП) 1031 сом.

Чет өлкөлүк жарандарды каттоо жана КР жарандарын каттоо ВИП зал аркылуу жеткиликтүү эмес.

 

9. КР жараны никеге турбагандыгы тууралуу маалымкатты кантип жана кайдан алууга болот?

- Никенин жоктугу тууралуу маалымкатты өлкөнүн каалаган КТБларынан жана аймактык бөлүмдөрүнөн алууга болот. Жарандын үй-бүлөлүк статусу тууралуу маалымкат алуу үчүн жаран ID-карта (паспорт) гана көрсөтсө болот же нотариалдык жактан ишенимдүү адам ID- картасы, ишеним каты жана арыз ээсинин паспорту менен келсе болот (эгерде жаран өзү катыша албаса).

Баасы: 200 сом, кызмат көрсөтүү мөөнөтү 3 иш күндөн ашпайт;

 

10. Баланын төрөлүшүн ишеним кат аркылуу каттоого болобу?

Жок. Баланын төрөлүшүн мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- ата-энесинин бири, жакын тууганы же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү арыз;

 

11. Чет өлкөлүк жарандарды жана Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн жарандыгы жок адамдарды кантип онлайн каттоого болот?

- Онлайн катталуу үчүн төмөнкү шилтеме менен сайтка кирүү зарыл https://ereg.e-gov.kg/

 

12. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды турак эмес жана/же башка жайларга каттоо үчүн юридикалык жактар “чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо” сайтына кирүү мүмкүнчүлүгүн кантип алышат? 

ereg.e-gov.kg сайтына шилтеме (турак жайдын ээси болгон жактар өз алдынча жеке кабинетине каттай алышат, юридикалык жактар турак эмес жана/же башка жайга чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо үчүн ККДдан кирүү мүмкүнчүлүгүн алышат) аркылуу онлайн гана каттоодон өтө алышат (Мисалы: жатакана, мейманкана, хостел).

 

13. Юридикалык жактарды турак эмес/башка жайга каттоодо “Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн” сайтка кирүү мүмкүндүгүн алууга кандай документтер талап кылынат?

- Сайтка катталуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

1. КР СӨМ караштуу ККД жетекчисинин атына жазылган коштомо кат;

2. Юридикалык жакты каттоо жөнүндө КР Юстиция министрлиги тарабынан берилген күбөлүк (түп нускасынан JPEG форматындагы электрондук көчүрмөсү);

3. Юридикалык жактын юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги;

4. Байланышуу үчүн уюлдук телефонунун номери;

5. Юридикалык жактын жетекчиси жөнүндө маалымат (Аты-жөнү, ПИН жана дареги КР жашаган жери);

6. Өкүлгө ишеним кат (түп нускасынан JPEG форматтагы электрондук көчүрмө);

7. Ишенимдүү адамдын паспорту (түп нускасынан JPEG форматтагы электрондук көчүрмө);

8. Өкүлдүн-ишенимдүү адамдын жашаган жеринин дареги;

9. Юридикалык жактын же ишенимдүү адамдын электрондук почтасы;

10. Чет өлкөлүк жарандардын техникалык паспортто көрсөтүлгөн дарек боюнча жашоо үчүн техникалык, санитардык жана башка талаптарга жооп берген убактылуу жашоосуна уруксат берүүчү документ.

11. Турак эмес же башка жайдын техникалык паспорту (түп нускасынан JPEG форматтагы электрондук көчүрмө);

 

14. Чет өлкөлүк жарандарды онлайн каттоо боюнча кошумча суроолорду кайсы телефон номери аркылуу тактоого болот?

- юридикалык жактар үчүн чет өлкөлүк жарандарды онлайн каттоо боюнча кошумча суроолор тел: 0990-00-13-58, 0312 38 00 98, ошондой эле Бишкек ш., Жибек-Жолу проспекти 381, 3-кабат, 304-кабинет дареги боюнча КР СӨМ караштуу ККДнын миграция бөлүмүнөн кошумча маалымат ала алышат. Кошумча электрондук почталар: aaitbaeva@drnags.srs.kg,

gturdubaeva@drnags.srs.kg

 

15. Эски паспортун берип, жакын тууганымдын даяр паспортун алсам болобу?

Жок. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт жана/же жалпы жарандык паспорт арыз ээсинин жеке өзүнө же анын мыйзамдуу өкүлүнө берилет. Арыз ээсинин мыйзамдуу өкүлү кайрылган учурда ага анын инсандыгын ырастоочу документ жана өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат көрсөтүлөт.

 

 

16. КТБдан үй-бүлө курамы жөнүндө маалымкатты жана иш жүзүндө жашаган жеринен маалымкатты кантип алууга болот?

- Үй-бүлөнүн курамы жана жашаган жери тууралуу маалыматтар Санарип аймак аркылуу берилет. Бул маалыматтарды алуу үчүн булуттук электрондук колтамганы (БЭКТ) ири КТБлардын биринен же Түндүк, Megapayжана МБанк мобилдик тиркемеси аркылуу алуу зарыл. Андан кийин МАБга (Муниципалдык аймактык башкармалык) кайрылып, Санарип Аймак системасына каттоодон өтүшүңүз керек. Булуттук электрондук колтамга аркылуу Түндүк мобилдик тиркемесине кирип, үй-бүлөңүздүн курамы же жашаган жериңиз тууралуу маалымкат ала аласыз.

 

17. Түндүк системасында авторизация болгондо туура эмес ПИН же ПАРОЛЬ чыкса эмне кылуу керек?

Түндүккө киргенде система ПИН (персоналдык идентификациялык номер) сурайт, андан ары паролду сурайт. Жаңылыш пароль киргизүүдө (көбүнчө жарандар БЭК электрондук кол тамгасынан алты орундуу пин-кодду жаңылыш киргизишет, ал электрондук почтага келет. Бул учурда, система ката чыгарат - ПИН же пароль туура эмес. ПИН киргизгенден кийин сизге телефон номерине жөнөтүлгөн 10 цифрадан, латын тамгаларынан жана символдордон турган паролду киргизүү керек, эгерде сизге телефон номерине пароль жөнөтүлбөсө, Паролду унутуп калдым функциясын колдонуп жаңы пароль түзө аласыз.

 

18. Улуттук паспортту “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санарип форматта берүүдө Банктар жана башка айрым мекемелер паспорттун түп нускасын талап кылып, кабыл алышпайт. Мындай учурларда эмнеге таянсак болот?

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637 “Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик документтерди пайдаланууну киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан санариптик форматта “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу берилген улуттук паспорт юридикалык күчкө ээ жана жеке форматтагы улуттук паспорттун номиналдык тибине документке барабар болуп саналат.

 

19. Түндүк аркылуу иш жүзүндө жашаган жеринен маалымкат алуу үчүн жашы жете элек балага БЭК алууга болобу?

Жашы жете элек балдар жашаган жеринен маалымкат же башка түрдөгү маалымкаттарды ала алышпайт. Жашы жеткенде жана ID паспорттун алганда гана бул мүмкүн болот.

 

20. Каттоого турууда кандай документтер талап кылынат?

- Арыз ээсинин паспорту (түп нуска);

- турак жайга жайгаштыруу үчүн негиз болгон документ (сатып алуу/ белекке берүү келишими, турак жайды берген жактын арызы же башка документ) же анын талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- Ээсинин паспорту (түп нускасы);

- Аскерге милдеттүүлөр (чакырылуучулар) үчүн - жашаган жери боюнча аскердик каттоодон чыккандыгы жана жаңы жашаган жери боюнча аскердик каттоого тургандыгы жөнүндө белгиси бар аскердик билет (аскердик каттоого тургандыгы жөнүндө күбөлүк).

- Арыз ээсинин жана менчик ээсинин катышуусу милдеттүү! (Эгерде менчик ээси кандайдыр бир себептер менен катыша албаса, анда туруктуу каттоого ээсинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилет).

 

Эскертүү: КР жарандарын келген жери боюнча каттоо жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгарылбастан жүргүзүлөт.