"Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Асел Кененбаева республикада мамлекеттик органдардагы ар кандай процесстерди санариптештирүү активдүү өнүгүп жатканын айтты Жарыяланган 04/11/2022 Кыргызстан БУУнун мониторингине кирген 193 өлкөнүн ичинен E-Government Development Index рейтингинде (өкмөттүн электрондук өнүгүү деңгээли) 81-орунга чыкты. Уюм ар эки жыл сайын ушундай жыйынтык чыгарып турат. Анда онлайн-кызмат көрсөтүү, телекоммуникация жана адамдык потенциал багытындагы жетишкендиктер каралат. Бул тууралуу Асел Кененбаева  Sputnik Кыргызстан радиосунун  эфиринде маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, санариптештирүү процесстерди ачык-айкын көрсөтөт жана... - Подробнее
Санариптик өнүктүрүү министри үч миллиондук биометрикалык карта тапшырды
Санариптик өнүктүрүү министри үч миллиондук биометрикалык карта тапшырды Жарыяланган 03/11/2022 №2 Калкты тейлөө борборунда Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов үч миллиондук биометрикалык карта тапшырды. Алуучу Эркимбек уулу Адилет болду, бул анын биринчи паспорту. Паспорттон тышкары, Талантбек Иманов юбилейлик eID картанын ээсинин сертификатын жана символикалык белектерин тапшырды. ⠀ Паспорт ээси мындай күтүүсүз окуяга кубанып жатканын белгиледи, анткени бул анын биринчи паспорту жана каттоо процесси абдан тез жана ыңгайлуу болгонун белгиледи. ⠀... - Подробнее
Сандардын өзгөчө комбинациясы бар мамлекеттик номерлерди сатуунун жаңы түйүнү ачылгандыгы тууралуу
Сандардын өзгөчө комбинациясы бар мамлекеттик номерлерди сатуунун жаңы түйүнү ачылгандыгы тууралуу Жарыяланган 02/11/2022 Барпы Алыкулов көчөсүнүн 3/10 дареги боюнча "2 прораб" курулуш гипермаркетинин (АвтоЦОН) имаратында сандардын өзгөчө комбинациясы бар мамлекеттик номерлерди сатуунун жаңы түйүнү ачылгандыгы тууралуу кубануу менен билдиребиз. Жаңы жерден: аукциондук жана аукциондсуз номерге сертификат сатып алсаңыз болот; даяр мамномерди сатып алууга жана жеринде тариздөөгө шарт түзүлгөн; каалаган комбинацияны тандап, сайттан каттоо жана мамномерлерди сатып... - Подробнее
Урматтуу жарандар,
Урматтуу жарандар, Жарыяланган 31/10/2022 Белгилүү болгондой, КТБнын саны өсүп жатат жана биз үчүн жагымдуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү маанилүү. Кызматтын сапатын жакшыртуу, ошондой эле пикир алуу үчүн, шилтемеден сурамжылоого катышууңузду суранабыз. Бул сиздин убактыңызга 3 мүнөт кетет. Жоопторуңуз биз үчүн абдан маанилүү! Шилтеме: https://docs.google.com/.../1gIFuPWLAcQSdihMQmDPvzY9.../edit - Подробнее
«Инфоком» МИсинде Earlyone компаниясынын жетекчиси менен жолугушуу болуп өттү
«Инфоком» МИсинде Earlyone компаниясынын жетекчиси менен жолугушуу болуп өттү Жарыяланган 25/10/2022 Бүгүн, «Инфоком» МИнин директору Кененбаева Асель Earlyone директору Геворг Сафарян менен жолугушту. Бул жолугушуу кезектерди башкаруу системасынын иштеши боюнча кызматташтыктын алкагында өткөрүлдү. ⠀ Тейлөөнүн сапатын жогорулатууну эске алуу менен системаны андан ары жакшыртуу, системаны камтууну жайылтуу жана кеңейтүү маселелери талкууланды. ⠀ Жумушчу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө, тактап айтканда онлайн кезек... - Подробнее