Жарыяланган 04/11/2022

Кыргызстан БУУнун мониторингине кирген 193 өлкөнүн ичинен E-Government Development Index рейтингинде (өкмөттүн электрондук өнүгүү деңгээли) 81-орунга чыкты. Уюм ар эки жыл сайын ушундай жыйынтык чыгарып турат. Анда онлайн-кызмат көрсөтүү, телекоммуникация жана адамдык потенциал багытындагы жетишкендиктер каралат. Бул тууралуу Асел Кененбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, санариптештирүү процесстерди ачык-айкын көрсөтөт жана коррупцияны жок кылат.

"Бизде дүйнөдөгү башка мамлекеттерге салыштырмалуу санариптештирүү кеч башталганы менен батыраак жайылтылды. Себеби биз даяр чечимдерди алып, ишке киргизе баштадык. Учурда Кыргызстанда 2000ге жакын мамлекеттик орган электрондук документ жүгүртүүгө өттү. Учурда санариптештирүү жаатында иштер дагы да активдүү жүрүп жатат. Биз карапайым кыргызстандыктардын жашоосун жеңилдете турган көптөгөн долбоорлорду ишке киргиздик. Алсак, бала бакчалар менен мектептердеги, ошондой эле ооруканалардагы электрондук кезек жакшы жыйынтык көрсөттү. Ооба, кемчиликтер бар, бирок биз аларды акырындап жоюп, соӊунда кагаз иштерин толугу менен алып салууга жетишебиз", — деди Кененбаева.

Ал, тилекке каршы, санариптик көндүмдөрдүн жетишсиздигинен улам бүтүндөй калк электрондук кызматтарды толук колдонууга даяр эмес экенин кошумчалады.