Жарыяланган 25/10/2022
«Инфоком» МИсинде Earlyone компаниясынын жетекчиси менен жолугушуу болуп өттү


Бүгүн, «Инфоком» МИнин директору Кененбаева Асель Earlyone директору Геворг Сафарян менен жолугушту. Бул жолугушуу кезектерди башкаруу системасынын иштеши боюнча кызматташтыктын алкагында өткөрүлдү.

Тейлөөнүн сапатын жогорулатууну эске алуу менен системаны андан ары жакшыртуу, системаны камтууну жайылтуу жана кеңейтүү маселелери талкууланды.

Жумушчу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө, тактап айтканда онлайн кезек системасына кошумча мүмкүнчүлүктөрдү киргизүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Бул системаны адаптациялоо боюнча иштерди КР СӨМ алдындагы «Инфоком» МИнин адистери жүргүзүштү, долбоор Ealyone'дын техникалык колдоосу менен ишке ашырылган.

Жылдын айагында электрондук кезек системасы региондордо жеткиликтүү болот.