Бүткүл республика боюнча КТБлар жарандардын биометрикалык маалыматтарын саат 20:00гө чейин кабыл алышат
Жарыяланган 14/09/2020
Кыргыз Республикасынын жарандарын шайлоочулардын тизмесине киргизүүнүн негизги шарты болуп милдеттүү түрдө биометрикалык каттоодон өтүү саналат.
КТБлар 2020-жылдын 14-19-сентябры күндөрү жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоону күн сайын саат 20:00гө чейин жүргүзүшмөкчү.
КТБлар калкка сунуштоочу башка кызматтар мурдагы иштөө графигине ылайык саат 9:00 дон 18:00 го чейин көрсөтүлөт.
- Подробнее
Президент Сооронбай Жээнбеков Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн мисалында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын санариптештирүү менен таанышты
Жарыяланган 03/09/2020
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-сентябрда, Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн мисалында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине санарипти киргизүүнүн жүрүшү менен таанышты.
«Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору Рыскулбек Осмоналиев «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасы жана кызматкерлерди каттоо боюнча «E-kyzmat»...
- Подробнее
Мобилдүү КТБнын кызматтары арзандатылды
Жарыяланган 02/09/2020
Калктын панедмия шарттарында көчмө документтештирүү кызматтарынан колдонуусун кеңейтүү максаттарында, мибилдүү КТБнын кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасы төмөндөтүлдү.
Мобилдүү КТБ паспортту көчмө документтештирүү боюнча кызматтарды бүткүл Кыргызстан боюнча жүргүзөт (каттоого туруу, алмаштыруу, жоготуп алуу, биринчи ирет алуу, ошондой эле паспортту шашылыш тартипте 3 күндүн ичинде алуу мүмкүндүгү).
Көчмө документтештирүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасы Бишкек жана Ош шаарларында 700 сомго...
- Подробнее