Жарыяланган 14/09/2020
Бүткүл республика боюнча КТБлар жарандардын биометрикалык маалыматтарын саат 20:00гө чейин кабыл алышат

Кыргыз Республикасынын жарандарын шайлоочулардын тизмесине киргизүүнүн негизги шарты болуп милдеттүү түрдө биометрикалык каттоодон өтүү саналат.

КТБлар 2020-жылдын 14-19-сентябры күндөрү жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоону күн сайын саат 20:00гө чейин жүргүзүшмөкчү.

КТБлар калкка сунуштоочу башка кызматтар мурдагы иштөө графигине ылайык саат 9:00 дон 18:00 го чейин көрсөтүлөт.