Жарыяланган 17/03/2017
«Инфоком» МИнин жамааты Нооруз майрамынын алдында майрамдык «Кыз-Жигит Сармерден» иш-чарасын өткөрдү

Ишкананын жана ведомство алдындагы түзүмдөрдүн кызматкерлери, 17-мартта «Кыз-Жигит Сармерден» иш-чарасын өткөрүштү.

Өткөрүлгөн иш-чаранын алкагында, жаздын келишин, жыл жаңырышын белгилеген «Алас-Алас» ырымы жасалып, бата берилди, кыздар жана жигиттер командалары ортосунда улуттук музыкалык аспап болгон комузда кол ойнотууда, элдик жана мекенчилик ырларды ырдоодо, монолог жана дастан айтууда, «Кара Жорго» бийин бийлөөдө, табышмак жашырып, жаңылмач айтышууда, макалдар боюнча таймаш өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты болуп жаш муунду мекенчилик маанайда өнүктүрүү жана кыргыз элинин салт-санааларын, үрп-адаттарын жана маданиятын сактоо эсептелген.

Элдик оозеки чыгармачылыкты пропагандалоо максаттарында, иш-чарага импровизатор акын, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын артисти Женишбек Жумакадыр чакырылган, ал чогулган көрүүчүлөрдү жана катышуучуларды учурашуу ырында Нооруз майрамы менен куттуктап кетти.

Сынакта ошондой эле кыргыз элинин салты болгон «Бешикке бала салуу» ырымы, аялдардын жана эркектердин улуттук костюмдары жана улуттук тамактары дагы көрсөтүлүп, конокторго ар түрдүү элдик ашканалардын сый тамактары тартылды.

Белгилей кетүү керек, маданий иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тапшырмасынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2017-жылдын 7-мартындагы №54 Адептүүлүк, тарбия жана маданият жылын өткөрүү боюнча Иш-чаралар планын аткаруу тууралуу тескемесинин алкактарында өткөрүлдү.