Жарыяланган 30/09/2016
777 ААА аукционунун жеңүүчүсү мамлекеттик номерди сатып алды

Бүгүн, 28-сентябрда болуп өткөн онлайн-аукциондун жыйынтыктары боюнча 1 716 000 сомго 777 ААА сандардын өзгөчө комбинациясы менен мамлекеттик номери, аны жеңип алуучу тарабынан сатылып алынды.

Эскерте кетүү керек, аукциондук жана аукциондук эмес кооз номер белгилерин сатуудан келип түшүүлөрдүн 91% республикалык бюджетке келип түшөт, ал эми 9% онлайн-аукциондорду өткөрүүгө ыйгарым укук берилген «Инфоком» МИсинин эсебинде калат.

777 ААА мамлекеттик номерин сатуунун эсебинен, 1 561 560 сом (91%) мамлекеттик бюджетке которулат. Мисалга алсак, бул каражаттарга 322 пенсияны, 11 мугалимдик айлыкты же 1927 аз камдуу болгон үй-бүлөнүн балдарына жөлөк пулдарды төлөөгө мүмкүн болот.

Дагы белгилей кетүүчү нерсе, 777 ААА мамлекеттик номерин сатып алуу менен жаран өлкөнүн бакубаттыгына баа жеткис салым кошо алды. Ага ыраазычылык катары «Инфоком» МИси тараптан жеңүүчүгө сертификат жана символикалык белектер салтанаттуу жагдайда тапшырылды.

Онлайн-аукционду өткөрүүдөгү маанилүү учурлардын бири болуп анын ачык-айкындыгы жана тунук өтүүсү саналат. Алсак, ар бир каалоочу адамда реалдуу режимде окуялардын жүрүшүнө көз салуу мүмкүндүгү бар болду. Анын ичинде 777 ААА мамлекеттик номерин сатуу учурундагы онлайн алып көрсөтүү маалында, 20 000 конок аукциондун жүрүшүнө nomer.srs.kg сайтынан байкоо жүргүзө алышты.

Дагы баса белгилегибиз келген нерсе, «Инфоком» МИси онлайн-аукцион системасынын иштеп чыгуучусу болуп саналат жана бул система мындан ары өркүндөтүлмөкчү. Жакынкы маалда, онлайн-аукциондун электрондук системасы ошондой эле аларда ачык-айкындык жана тунуктук талап кылына турган мамлекеттик менчикти, лицензияларды жана башка элементтерди сатууларды жүргүзүп туруу үчүн бир нече мамлекеттик органдарга сунушталмакчы.