Жарыяланган 28/09/2016
Инсандын электрондук күбөлүктөрүн киргизүү маселеси боюнча МККнын КР Өкмөтүнүн Аппараты менен жолугушуусу болуп өттү

Бүгүн, 28-сентябрда МКК электрондук идентификациялык картаны (eID) киргизүүнүн алкактарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн жетекчилери, ошондой эле Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттигинин директору Д.Ш. Эгамбердиева менен жолугушту.

Бул жолугушуунун алкактарында бет ачар формасында төмөнкүлөр көрсөтүлдү:

  • Кыргыз Республикасынын «Инсандыгын тастыктоочу улуттук документтер жөнүндө» мыйзам долбоорунун негизги ченемдери;
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортту тариздөө, берүү, эсепке алуу, даярдоо документтерин жана идентификациялык картасын кабыл алуу тартиби жөнүндө нускама долбоорунун негизги жоболору;
  • Тариздетүүнүн, даярдоонун жана берүүнүн технологиялык жана бизнес процесстери;
  • Кыргыз Республикасынын жарандарынын жаңы электрондук паспортторунун дизайн долбоорлору.

Аталган жолугушуунун негизги максаты болуп бардык ири айыл өкмөттөрү деңгээлинде маалыматтарды топтоонун убактылуу пункттарын түзүү мүмкүндүгүн талкуулоо болду, бул калкка кадамдык жеткиликтүүлүктө колунда бар ID-карттарын инсандын жаңы электрондук күбөлүгүнө алмаштырууну жасоонун жеткиликтүү болушуна шарт түзмөк.

Инфраструктуранын өнүгүшү менен, eID-карта жарандарга электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаттуу жаңы деңгээлине жетишүү мүмкүндүгүн бере тургандыгы жана электрондук башкаруу принциптерине өтүү үчүн негиз түзөөрү баса белгиленип өттү.