Жарыяланган 20/09/2022
Мобилдик калкты тейлөө борборлору Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда жоголгон (жок болгон) жарандардын документтерин калыбына келтирүү иштерин баштады

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда документтери жоголгон же жок болгон жарандардын документтерин бекер калыбына келтирет.

Бүгүнкү күндө «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын калкты тейлөө борборлорунун жана Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун калкты каттоо бөлүмүнүн аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ичинен мобилдик топтор түзүлдү.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда мобилдик топтор документтештирүү керек болгон жарандардын тизмесин түзөт.

Белгилей кетсек, калкты тейлөөнүн көчмө борборлору тиешелүү күбөлүктөрдү берүү жана жарандык абалдын актыларын даярдоо боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн бардык керектүү техникалык жабдуулар менен жабдылган.

Ошондой эле, 19-22-сентябрдан баштап Лейлек районунун Кулунду жана Баткен районунун Самаркандек айылдарынан башка бардык калкты тейлөө борборлору жана калкты каттоо бөлүмүнүн аймактар ​​аралык бөлүмдөрү кадимки режимде иштей баштады.