Жарыяланган 25/02/2022
«Инфоком» МИсинде Жалал-Абад областындагы КТБны санариптештирүү жана өнүктүрүү маселелери талкууланды

24-февралда «Инфоком» МИнин жетекчилигинин КР Президентинин Жалал-Абад областындагы толук ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана райондордун, шаарлардын башчылары менен жумушчу жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө областтын бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдарында санариптик чечилиштерди ишке киргизүү маселелери, ошондой эле Калкты тейлөө борборлорунун өнүгүүсү талкууланды.

А. Сыргабаев катышуучуларга биргелешкен эмгектери үчүн ыраазычылыгын билдирди жана «Инфоком» МИси менен санариптештирүү жана аймактагы КТБлардын ишин уюштуруу маселелери боюнча мындан аркы өз ара аракеттенишүүгө даяр экендигин билдирди.

«Инфоком» МИнин директору Р. Осмоналиев, азыркы учурда КТБлар Базар-Коргон, Сузак, Тогуз-Торо райондорунда жана Жалал-Абадда ачылгандыгын белгилеп кетти. Ошондой эле областтын жетекчилиги аларды көбөйтүүдө жана жакшыртууда, ошондой эле каклтын мамкызматтардан колдонуусун жеңилдетүү үчүн автоматташтырылган тутумдарды ишке киргизүү боюнча иштерди күчөтүүдө ар тараптуу көмөк көрсөтө тургандыгына ишеним артаарын билдирди.

«Санарип аймак» тутуму Жалал-Абад областында активдүү ишке киргизилүүдө. Бүгүнкү күнү чарбалык китептерди санариптештирүү жүргүзүлүүдө, каттоодон өткөрүлгөн үй чарбачылыктарынын саны – 154 963, иш 62,7% аткарылган. Тутумда учурда дээрлик 560 миң жарандын маалыматтары камтылып турат.

Бул маалыматтарды электрондук алмашууга толук өтүүгө, жарандардын убактысын жана акчалай каражаттарын үнөмдөөгө, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдү четтетүүгө мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусу биринчилерден болуп электрондук документ жүгүртүү системасына толук кошулган: ЖӨБ органдары, мэрия жана райондук мамлекеттик администрациялар.