Жарыяланган 25/01/2022
Араван районунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылды

25-январда санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов жана анын биринчи орун басары Айнура Туйбаева Ош облусунун Араван районундагы Калкты тейлөө борборунун ачылыш аземине катышты.
"Бүгүнкү күндө калкка  мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө максималдуу ыкчамдыкты камсыз кылуу,  көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу, калк үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү 
 мамлекеттин артыкчылыктуу милдети экендигин баса белгилегим келет.

Буга чейин райондун тургундары башка калкты тейлөө борборлоруна кайрылууга аргасыз болуп, ал чоң көйгөйлөрдү, кайрадан узун кезек күтүүлөрдү жаратып келген, эми маселе чечилди.
Калкты тейлөө борборунун кызматчыларынын иши ачык мейкиндик форматына уюштурулган, ал бизге ачык иштөөгө жана жарандарыбыз үчүн ар дайым жеткиликтүү болууга мүмкүндүк берет"- деп Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов билдирди.

Жаңы калкты тейлөө борбору Араван районунун Пахта-Арал айылында ачылды. КТБнун имаратынын аянты 265 чарчы метрди түзүп, заманбап жабдуулар, ыңгайлуу күтүү залы, сурап-билүү үчүн маалымат бурчу, электрондук кезек жана видеокөзөмөл камералары менен жабдылган. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да шарттар каралган.
Араван районунун КТБу күнүнө орто эсеп менен 300-350 жаранды тейлей алат. Күтүү залында 70 адамга орундук коюлган. Унаа токтотууга 30 унаа үчүн жайлар каралган. Араван районунун калкынын саны 120 миңге жакын.

Жаңы КТБда иш алып баруу үчүн кызматкерлер кабыл алынып, атайын окуудан өтүшүп, практикалык жактан даярданышкан. Жалпысынан 15 кызматчы жетекчиси менен биргеликте кызмат көрсөтүшөт. 
Калкты тейлөө борбору жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана жашаган жеринде каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгына жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кабыл алуу, булутка негизделген электрондук кол тамга берүү жана б.у.с. бардык кызматтарды көрсөтө алат.