Жарыяланган 23/08/2021
Маморгандардын жана муниципалитеттин 32 миң кызматкери электрондук документ жүгүртүү тутумунан колдонушууда

2021-жылдын август айына карата абалы боюнча «InfoDocs» ЭДТсы өнөр жайда эксплуатациялоо режиминде, алардын ведомство аралык бөлүнүштөрүн кошо алуу менен 821 мамлекеттик органда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, анын ичинде 228 айыл өкмөтүндө ишке киргизилген.

Тутумду ишке киргизүү учурунан тартып мамлекеттик органдарда бардыгы болуп 1 712 000 документ каттоодон өткөрүлгөн.
Бардыгы болуп тутум ишке киргизилгенден тартып ЭДТдагы колдонуучулар саны мамлекеттик жана муниципалдык органдардын 32 000 кызматкерин түзгөн.

Маалымкат
2018-жылдан тартып КР СӨМгө караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тараптан баскычтуу түрдө ЭДТны ишке ашыруу иш-чаралары жүзөгө ашырылып келүүдө.
ЭДТ мамлекеттик органдардагы, алардын аймактык бөлүнүштөрүндөгү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы тыштан кирген сыяктуу эле, мамлекеттик органда (анын түзүмдүк бөлүнүштөрүн кошо алуу менен) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында түзүлүүчү документтерди иштеп чыгууга байланышкан иштерди автоматташтырууга, ошондой эле документтин электрондук архивин жүргүзүүгө арналган.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы e-Kyzmat маалыматтык тутумун ишке киргизүүнүн статистикасы

Бүгүнкү күндө e-Kyzmat АМТсына  алардын бөлүнүштөрүн кошо алуу менен 921 маморган, ошондой эле 264 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары туташтырылган.
e-Kyzmatтын бирдиктүү базасында 55 миңден ашуун кызматкерлердин маалыматтары санариптештирилген, колдонуучулар саны дээрлик 3000 адамды түзөт.

Маалымкат
2016-жылдан тартып КР СӨМгө караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен биргеликте баскычтуу түрдө e-Kyzmatты ишке ашыруу чараларын жүзөгө ашырып келе жатат.
e-Kyzmat Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери тууралуу маалыматтарды топтоого, сактоого жана талдоо жүргүзүүгө, штаттык тизим жөнүндө маалыматы берүүгө  арналган.
e-Kyzmatтын негизги максаты болуп адам ресурстарын башкаруунун заманбап жана интеграцияланган улуттук тутумун колдонуу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматын башкаруу тутумун автоматташтыруу эсептелет.