Жарыяланган 14/08/2020

Үстүбүздөгү жылдын 18-августунан тартып КР Мамлекеттик кадр кызматынын "Сынак-Тестирлөө" компьютердик тестирлөө тутуму жаңы режимде иш алып бара баштайт.

Тутумда «Face ID» - колдонуучуну бет түзүлүшүнүн геометриясы боюнча идентификациялоо (таануу) технологиясы колдонулмакчы.

«Face ID» - бул инсандын аныктыгын текшерүү үчүн колдонула турган биометрикалык технологиялардын бири, анда адамдын уникалдуу биологиялык мүнөздөмөсү болуп анын бет түзүлүшү эсептелет.

Бош турган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына орношууга карата талапкерлерди компьютердик тестирлөө онлайн режимде өткөрүлмөкчү. Каттоо, тестирленип жаткан талапкердин бетин автоматтык түрдө тааный турган жана Кыргыз Республикасынын Улуттук паспорттордун мамлекеттик реестринин базасы менен маалыматтарды салыштыра турган «Face ID» аркылуу жүзөгө ашырылат. Тесттен өтүп жаткан адам компьютердеги фронталдык камераны гана карайт,  анын бети камеранын камтуу диапазонунда болууга тийиш.

Тастыктоодон кийин, колдонуучу автоматтык түрдө тестирлөөгө киргизилет. Коопсуздуктун кошумча чарасы катары идентификациялоонун үч ийгиликсиз аракети болушуна гана жол берилет, андан кийин атайын логин жана сыр сөз суралат.

«Face ID» технологиясы тышкы түрдүн анча олуттуу эмес өзгөрүүлөрүнө (макияж, сакалын кырбай коюу, анча чоң эмес тырыктар, чийип алуулар, контакт линзалар, шарф тагынып алуу, чачты кыстаргычтар жана башка аксессуарлар), ошондой эле жарык берүүнүн ар түрдүү даражасына адаптацияланат.

«Face ID» маалыматтары шифрленген жана атайын электрондук ачкычтардын жардамы менен корголушкан.

"Сынак-Тестирлөө" компьютердик тестирлөө тутуму «E-Kyzmat» тутумунун (кадрларды электрондук эсепке алуу) интеграцияланган модулу болуп саналат.

Аталган тутумду иштеп чыгуучу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» МИси эсептелет.

Бүгүнкү күнгө карата «E-Kyzmatтын» жардамы менен республиканын 35 миңден ашуун мамлекеттик кызматкерлеринин маалыматтары санариптелген. Тутумга өзүнүн бардык түзүлүштөрү менен биргеликте 1064 мамлекеттик орган туташтырылган.

Андан тышкары тестирлөөнү өткөрүүгө карата билдирмелерди берүү процесстери автоматташтырылган. Каалагандай мамлекеттик органдын кадр бөлүмдөрүнүн адистери сынак тандоосун өткөрүүгө карата билдирмени беришет. Электрондук билдирме "Сынак-Тестирлөө" модулуна келип түшөт жана жактырылган учурда автоматтык түрдө тестирлөө графигине коюлат.

Талапкерлерге ошондой эле автоматтык түрдө электрондук почталарына тест өткөрүлө турган күнү, орду жана убактысы тууралуу билдирмелер жөнөтүлөт.

Тесттен өтүү мезгилине чейин, талапкерлер каттоодон өтүүгө, тестирлөөнүн эрежелери тууралуу видеонускамалоо менен таанышууга тийиш болушат, тесттен өтүү атайын бөлүнгөн убакытта гана башталат.

Тесттин жыйынтыктары бир эле маалда талапкердин электрондук дарегине жана кадр бөлүмдөрүнүн адистеринин сынак тандоо модулуна жөнөтүлүшөт.

Ошондой эле тестирлөөнүн чектелбеген түрлөрүн (мисалы: ой жүгүртүү логикасын тестирлөө, салыштырууга карата тестирлөө ж.б.у.с.) колдонууга мүмкүндүк бере турган функционал дагы автоматташтырылган.

Пландаштырылган жана өткөрүлгөн тестирлөөлөргө талдоо жүргүзүү үчүн отчетордун ар түрдүү формалары түзүлүшөт.