Жарыяланган 29/04/2020
Мамлекеттик каттоо кызматы 12 жашка чейинки балдар арасында

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 12 жашка чейинки балдар арасында "Согуш жана Жеңиш жөнүндө" сүрөт жана көркөм окуу боюнча видео конкурсун жарыялайт.

Катышуу үчүн:
- сүрөт тартуу же көркөм окуу боюнча видео даярдоо;
- социалдык тармактардагы расмий баракчаларына жазылуу (Facebook - @ Мамлекеттик каттоо кызматы, инстаграмдагы @grs_kg, twitter @srs_gov);
- Социалдык тармактарга жүктөп, катышуучунун аты-жөнүн, жашын жана мектебин көрсөтүңүз;
- Мамлекттик каттоо кызматын белгилеңиз;
- Жактыргандардын максималдуу санын чогултуу.
- #Жеңишбалдары хештегин коюңуз.

Конкурс 11-майда жыйынтыкталат. Добуш берүү 29-апрелде саат 18:00 дөн 10-майга чейин 18:00 өткөрүлөт. Эң таланттуу окурмандарды жана сүрөтчүлөрдү белектер күтөт. Жеңүүчүлөрдүн эмгектери Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий баракчаларында жарыяланат.

Видеоматериалды даярдоо үчүн, Мамлекттик каттоо кызматынын порталындагы архивдик фронттон келген каттарды www.pobeda.srs.kg колдонсоңуз болот.

Кыргызстандын Интернет мейкиндигинде www.pobeda.srs.kg мындай ресурстардын биринчиси. Ал Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилине тиешелүү документтердин электрондук архиви менен портал уникалдуу болуп саналат.

Порталдын базасында Экинчи Дүйнөлүк Согуш мезгилиндеги 140 миңден ашык кыргызстандыктар жөнүндө маалыматтар, китептер, Кыргызстандын коргонуу өнөр жайы жөнүндө архивдик маалыматтар камтылган.

Порталдын эң маанилүүгү согуш жылдарында каза болгон жана дайынсыз жоголгон жоокерлердин электрондук маалымат базасы жана Кыргызстандын аймагынан согушка чакырылган Экинчи Дүйнөлүк Согуштун катышуучулары жөнүндө маалыматты издөө болуп эсептелинет.

Кыргызстандын Интернет мейкиндигинде www.pobeda.srs.kg мындай ресурстардын биринчиси. Портал Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилине тиешелүү документтердин электрондук архиви менен уникалдуу болуп саналат.