Жарыяланган 25/02/2020

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2019 - жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» жарыялануусунун, ошондой эле КР Президентинин бир катар өлкөлөргө баруусунун жыйынтыгы боюнча, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртуу жана чет өлкөлөрдө жарандардын укугун коргоо боюнча тапшырмалар берилген.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти менен биргеликте консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү боюнча бирдиктүү иш чаралардын планына кол коюшту.

Жаңычылыктардын бири болуп ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү  аркылуу жарандардын маалымкат алуу убактысын   кыскартууга мүмкүндүк жаратуучу «Талап кылуулар» автоматташтырылган маалымат системасын киргизүү.

Учурда мындай талаптар кагаз түрүндө болуп Кыргыз Республикасынын диппочтасы аркылуу жүргүзүлөт. Мындай системаны кириши менен талаптар интернет аркылуу  тийиштүү мамлекеттик органдарга келип түшүп, кызмат көрсөтүүнүн убактысын кыскартат.

Консулдук эсепке коюу, ошондой эле зарыл болгон учурда, Кыргызстандан каттоо эсебинен чыгаруу боюнча формаларын онлайн толтуруу үчүн портал түзүү болжолдонууда.

Айдоочулук күбөлүгүн жоголгон учурда калыбына келтирүү, жарандарыбызга чет өлкөлөрдөн eID-карт алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү маселеллери каралууда. Жарандык боюнча системаны түзүүдө, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана жарандыктан чыгуу боюнча процессе тиешеси бар мамлекеттик органдардын ортосунда, өз мекенине кайтарууда берилүүчү маалымкаттардын жаңы үлгүсүн киргизүүдө Мамлекеттик каттоо кызматы  платформанын иштеп чыгууда.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык 38 чет өлкөдөгү мекемелеринде «Паспорт», «ЖААК», «Жарандык» автоматташтырылган маалымат системалары ишке берилген.Бул чет өлкөдөгү жарандарыбызга 15-20 күндө паспорт алууга мүмкүнчүлүк берди. Системалар ишке берилгенге чейин бул үч айдан көбүрөөк мөөнөт талап кылчу.

Электрондук кызмат көрсөтүүлөргө өтүү менен, кызмат көрсөтүүлөргө төлөнүүчү каражат  нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн түздү. Консулдук кызмат көрсөтүүчү кызматкерлердин иши жеңилдеп, чет өлкөдөгү жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты жогорулап, бюрократиянын деңгээли кыскартылды.

Ишке киргизиленден бери 2020-жылдын 24-февралына карата «Паспорт» автоматташтырылган системасы аркылуу 22 315 жалпы жарандык паспорт берилген. «ЖААК» автоматташтырылган маалымат системасында 3 239 (514 туулуу, 107 никеге туруу, 2618 калгандары) жарандык абалдын актысы катталса, «Консулдук эсеп» системасында 10 318 каттоо жүргүзүлгөн.

«Жарандык» автоматташтырылган маалыматтык тутуму алты  (Германия, Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираты, Казахстан Республикасы ( Астана шаары), Россия (Красноярск, Санкт-Петербург шаарларында) чет өлкөдөгү мекемелерде.

Бардык шарттарды түзүү жана иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан атайын жабдуудар, герб бастырылган күбөлүктөрдү басып чыгаруучу аппараттар берилип, дайыма тышкы иштер министрлигинин кызматчыларына окутуулар уюштурулуп турат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде ишке киргизилген автоматташтырылган системалар  ата мекендик иштеп чыгуулардын негизинде ишке ашырылууда. Иштеп чыгуучу болуп мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» МИси эсептелет.