Жарыяланган 20/12/2019
Корея Республикасынын ИИМи биздин өлкөбүздөгү электрондук паспортторду ишке киргизүү процесси менен таанышып чыгышты

Корея Республикасы менен кызматташуу программасын «электрондук башкаруу» багыты боюнча ишке ашыруунун алкактарында «Инфоком» мамлекеттик ишканасына Корея Республикасынын Ички иштер жана коопсуздук министрлигинин делегациясы келген.

Иш-чарага Электрондук өкмөт боюнча башкармалыктын директорунун орун басары мырза Юн, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Батырканов Т., «Инфоком» МИнин директору Осмоналиев Р. жана башка эки тараптын тең өкүлдөрү катышышты.

Визиттин негизги максаты болуп Кыргыз Республикасындагы электрондук паспортторду ишке киргизүү процесстери менен таанышуу эсептелет. Иш-чарада, Кореяда биометрикалык паспорттор жок экендиги, калк пластика карталарын колдонушаарын, ал эми жакынкы үч жыл ичинде мамлекеттик кызматкерлердин арасында смартфондордогу тиркеме аркылуу идентификациялоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу пландаштырылууда.

Конокторго «Паспорт», «Айдоочулук курамды тесттен өткөрүү» тутумдары бети боюнча идентификациялоо бөлүгүндө, МККнын Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы, «Коопсуз шаар», «Carcheck» тутумдары көрсөтүлдү. Ошондой эле келечекте Маалыматтарды санариптөө борборун жана АвтоКТБны ишке киргизүү маселелери талкууланды.