Жарыяланган 23/09/2019
МКК: Ош жана Жалал-Абад областтарынын жашоочулары автосу үчүн даяр «крутой» номер белгилерин сатып ала алышат

2019-жылдын 20-сентябрынан тартып 2020-жылдын 1-мартына чейин Ош жана Жалал-Абад областтарынын жашоочулары «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан демилгеленип жаткан, «Унаа» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте ишке ашырылуучу пилоттук долбоордун алкактарында автосу үчүн даяр «крутой» номер белгилерин сатып ала алышат.

Долбоор сулуу номерлерди берүү мөөнөттөрүн кыскартуу максаттарында жана «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылын» өткөрүүнүн алкактарында ишке ашырылууда.

Пилотту ишке киргизүү каалоочуларга пластинага басып чыгарылган, жагып калган комбинацияны көрүп туруп тандоону каалагандарга, аны өзүнүн автотранспорт каражатына карата каттатып алууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле тариздетүү учурундагы ашыкбаш жол-жоболордун болушун чыгарып салмакчы, «Инфоком» МИнин кызматкерлери билдирмелерди кабыл алышат жана тике түрдө Номер белгилерин даярдоо боюнча борборго жөнөтүшөт, бул ташып жеткирүү жана берүүнүн убактысын 3 күнгө чейин кыскартууга, сатып алуу жана каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө шарт түзөт.

Пилоттук долбоор «Унаа» ММнын үч аймактык түзүлүштөрүндө жүргүзүлмөкчү:

- «Унаа» ММнын Ош шаардык бөлүмү;

- «Унаа» ММнын Ош аймактык бөлүмү;

- «Унаа» ММнын Жалал-Абад аймактык бөлүмү.     

Долбоорду өткөрүүдөн оң жыйынтык чыккан учурда, сатуулар түйүндөрүнүн санын республика боюнча жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жогорулатуу пландаштырылууда.

Көрсөтүлгөн аймактарда мурдараак сулуу номерди алуу үчүн арыз берүүчүлөргө адегенде сертификат сатып алуу үчүн КТБларга кайрылуу, андан кийин тариздетүү үчүн «Унаа» ММнын аймактык түзүлүшүнө баруу жана берүүнү даярдоо мөөнөттөрүн жана жеткирилишин күтүүнү эске алуу менен эки жума күтүүгө туура келчү. Эми болсо даяр номерлерден тандап алуу жана ошол эле кезде бул жактан эле каттатып алууга мүмкүн болуп калды.