Жарыяланган 16/09/2019
Биздин команда: Бексултан Мустаков - мамлекеттик каттоо номер белгилерин даярдоо борборунун жетекчиси

"Инфоком" МИси 12 жылдын ичинде эң мыкты жумуш берүүчү катары өзүн көрсөтө алды. Бүгүнкү күндө ишканада туруктуу ынтымактуу жана жаштардан турган жамаат түзүлгөн. Ишкананын ийгилиги көп жагынан жамааттын ар бир мүчөсүнүн таланттарынан жана максатка умтулуусунан көз каранды.

 "Инфокомдо" өз кызматкерлеринин дареметин ачып, алардын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө көмөк берген ар кандай мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылууга өзгөчө басым жасалат.

  Мындай кызматкерлеринин бири Бексултан Мустаков – мамлекеттик каттоо номер белгилерин даярдоо борборунун жетекчиси. Анын кесипкөй сапаттары, анын үстүнө жакшы маанидеги амбициялары, жаш кезинен тартып эле жетекчилик кызмат орунун ээлегенге жардам берди.

 Чыгыш күрөш өнөрлөрүнө кызыгуусу, алардын өз аракеттери, өзүн-өзү тартипке салуудагы жана натыйжага жетишүү үчүн атаандашы менен өз ара мамиле куруудагы маданияты менен өзгөчөлүү болгон философиясы, көпчүлүк жагынан анын мүнөзүнүн калыптанышына жана өнүгүшүнө көмөк көрсөткөн. Бексултан дзюдого бала чагынан келип, азыр деле калтырбай ааркеттенип келет.

Мамлекеттик каттоо номер белгилерин даярдоо борборунун жетекчиси болуп эки жылдан бери эмгектенүүдө, "Инфоком" МИсиндеги иш жолун борбордук аппараттын экономикалык талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси кызмат ордунан баштаган.

Мамлекеттик каттоо номер белгилерин даярдоо борбору ачылган мезгилде оператор-штамптоочу катары эмгектенип баштаган Бексултан, 2017-жылы дал ушул борбордун жетекчиси болуп дайындалган.

Мустаков эмгек жолун финансылык полиция мамлекеттик кызматында баштаган, андан кийин ЖАМКТА тескөөчү болуп эмгектени, кийинчерээк «Инфоком» МИсине которулуп келген.

Эмгегинин үзүрүн көрүп, аз убакыт ичинде эле Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Билими: Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык академиясы (2010-ж.)

Өмүрүндөгү эң кымбат нерселери: энесинин жылмаюусу, татыктуу адамдар.

Урааны: эркектер иши менен бааланат.

Кызыкканы: дзюдо, китеп окуу (акыркы окуган китеби: "Унесенные ветром", Маргарет Митчелл).

Үй-бүлөлүк абалы: бойдок, чоң үй-бүлө жөнүндө кыялданат.