Жарыяланган 10/09/2019

«Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо Концепциясын ишке ашыруунун алкактарында Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» МИси Калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кайрылган учурда булут электрондук кол тамгасын (БЭК) берүүнү баштады.

Электрондук кол тамга берүү үчүн ушул жылдын август айында кабыл алынган арыздар каттоодон өткөрүлгөн, бул арыздарды берүүчүлөр БЭКке төлөөгө эсеп кагазын алуу жана аны активдештирүү үчүн КТБга келиши зарыл.

Биринчи баскычта электрондук кол тамганы берүү Бишкек шаарында жүзөгө ашырылат, экинчи баскычында үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрынан тартып аймактык КТБларда сатуу түйүндөрү активдештирилмекчи.

БЭКтин баасы - 90 сом жана 250 сом 1 жылга карата булут үчүн, анда маалымат сакталат жана иштетилет. Банк комиссиясын эске алуу менен, толук баасы 345 сомду түзөт, аны жер-жерлерде кассаларда төлөөгө болот.

Электрондук кол тамга кызмат көрсөтүүдөн колдонуучуну идентификациялайт, онлайн режимде берилүүчү маалыматтарды коргойт, документтердин аныктыгын ырастайт, мамлекеттик органдардын электрондук кызматтарынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.

Пайдалуу маалымат:

Жеке жактар үчүн документтер тизмеси:

"Инфоком" МИнин Күбөлөндүрүү борборунун Регламентине кошулуу жөнүндө макулдашуу (документтердин үлгүлөрүн infocom.kg сайтынан «биздин КБ» бөлүмүндө көчүрүп алса болот);

- паспорттун түп нускасы.

Юридикалык жактар үчүн документтер тизмеси:

"Инфоком" МИнин КБ Регламентине кошулуу жөнүндө макулдашуу;

 - КБны Колдонуучунун ишеним каты (юридикалык жактардын өкүлдөрү үчүн);

- КБ колдонуучунун паспортунун түп нускасы;

- Ыйгарым укуктуу адамды кызматка дайындоо жөнүндө уюмдун буйругунун көчүрмөсү;

- Уюмдун жетекчисин дайындоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсү;

- Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо/ кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.

Электрондук кол тамганы Бишкек ш. Калкты тейлөө борборлорунан алууга болот:

- КТБ- 1, Медеров көч., 44/1;

- КТБ- 2, Чокан Валиханов көч., 2;

- КТБ -3, Жаш Гвардия бул., 4;

Консультация алуу үчүн МККнын 119 колл-борборуна, БЭК боюнча проблема пайда болгон учурда төмөнкү телефондор боюнча кайрылууга болот: 0-312-986190 кошумча 443, 446.