Жарыяланган 27/08/2019
Электрондук өкмөттү өнүктүрүү тармагындагы эл аралык эксперттер мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн эң мыкты тажрыйбасы катары КТБнын иши менен таанышышты

Бишкек шаарында ушул жылдын 26-27-августунда "Санариптешкен өлкө  туруктуу өнүгүүнүн өзөгү" семинары болуп өттү. Мамлекеттик кадр кызматы, Интернет саясатынын жарандык демилгеси жана Астана хабы менен биргеликте уюштурулду.

"Электрондук өкмөттү" киргизүү боюнча дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларын алуу максатында  Армениядан, Азербайжандан, Эстониядан, Грузиядан, Казакстандан, Өзбекстандан келген эл аралык эксперттердин катышуусу менен семинар өткөрүлдү. 

Иш-чаранын алкагында ата мекендик программалык продуктун пропагандалоо максатында, иштелип чыккан автоматташтырылган маалыматтык системалар менен таанышуу үчүн "Инфоком" МИге бир күн бөлүнгөн.

Ишке ашырылган IT-долбоорлор жөнүндө директор Осмоналиев Рыскулбектин презентациясынан кийин мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн эң мыкты электрондук тажрыйбасы катары КТБнын ичинде экскурсия уюштурулган.

Ар кайсы өлкөлөрдө мамлекеттик маанидеги документтерди өндүрүү тууралуу пикир алмашуу орун алды.

Кыргызстандын КТБларынын ишмердигин жакшыртуудагы негизги позициялар болуп автоматташтырылган маалыматтык системаларды ишке киргизүүсү эсептелет, алар коррупциялык тобокелдиктерди жокко чыгарууга, паспортторду даярдоо жана берүү убактысын кыскартууга мүмкүндүк берди.

Жеке маалыматтар базасын актуалдаштыруусу улам талап кылынган документтердин тизмесин кыскартып, маалымкаттарды кагаз жүзүндө документтештирүү процессинен чыгарды.

Автоматташтырылган тутумдун киргизилиши менен документтештирүүдө аймактык байлаштыруу алынып салынган. Жарандарга катталган жана жайгашкан жерине карабастан документтештирүүгө мүмкүнчүлүк берилип, тейлөө убактысы кыскарды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 18 ири жана 4 мини КТБлар ийгиликтүү иштеп жатат. Орточо алганда, күнүнө КТБ 1000 - 2000 адамды тейлейт. Жарандардын МККнын колл-борборунун телефону аркылуу көрсөтүлгөн кызматтар боюнча маалымат алууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Калкка ошондой эле СМС-билдирүү аркылуу автоматтык билдирүү кызматтары сунуштоодо. Алыскы калктуу конуштардын тургундары жана мүмкүндүгү чектелген адамдар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында үйгө барып паспортту тариздетүү боюнча көчмө КТБлар уюштурулган.

Жолугушуунун аягында катышуучулар ар тараптуу кызматташууну активдештирүүгө даярдыгын билдиришти.

Белгилей кетүүчү нерсе, жаңы форматтагы Калкты тейлөө борборунун ишмердиги менен таанышуу, башка өлкөлөрдүн чиновниктери үчүн Кыргызстанга болгон визиттин ажыратылгыс бөлүгү болуп калууда.

         Маалымат үчүн: «Электрондук өкмөттү өнүктүрүү жаатындагы практиктер Альянсы» 2018-жылы Астана Хабы ишинин алкагында түзүлгөн, Казакстандын өкмөтүнүн жана БУУӨПтүн биргелешкен демилгелери болот.

Негизги милдет Борбордук жана Орто Азия өлкөлөрүндө санариптик түзүүлөрдү тездетүүгө карата күч-аракеттерди жана ресурстарды бириктирүү үчүн региондук өнөктөштүк болуп эсептелет.