Жарыяланган 13/12/2018
Кайрымдуулук. «Инфоком» МИнин жана КТБ-3түн кызматкерлери кары-тартаңдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын катышуусу менен театралдашкан конкурсту өткөрүүгө материалдык жардам көрсөтүштү.

Бишкек социалдык стационардык кары-картаңдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн мекемеде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгына арналган театралдаштырылган оюндарга карата конкурс өткөрүлдү.

«Кыямат», «Ак кеме», «Жамиля», «Саманчынын жолу», «Биринчи мугалим», «Эрте келген турналар» сыяктуу чыгармалардан ролдорду аткаруучулар аталган мекеменин жашоочулары жана кызматкерлери болушту. Иш-чаранын аягында катышуучуларга акчалай байгелер тапшырылды, демөөрчүлөр болуп «Инфокомдун» жана Бишкек шаарынын КТБ-3үнүн кызматкерлери жардам көрсөтүшкөн.

Атактуу чыгарма «Саманчынын жолунан» Толгонайдын Жер эне менен жолугушуусундагы монологун КТБ-3түн оператору Сыдыкова Аида аткарган учурунда, бардык көрүүчүлөр эненин согуш маалындагы бардык тарткан кайгы-капасын жана алсыздыгын сезүүгө мажбур болушту. 

Белгилей кетүү керек, 2013-жылдан тартып аталган мекемеде Улуу Ата мекендик согуштун тыл эмгекчиси, "Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими" Крамарева Анна Семеновна жашап келет, ал өз кезегинде Ч. Айтматовдун мугалими болгон экен.

Конкурстун катышуучулары биздин кызматкерлерибизге активдүү катышуусу, колдоо көрсөтүүсү жана кайрымдуулуктары үчүн ыраазычылык билдиришти!