Жарыяланган 05/12/2018
Калкты тейлөө борборлоруна 7 жыл!

7 жыл мурун, 2011-жылдын 5-декабрында расмий түрдө Кыргызстанда алгачкы Калкты тейлөө борборлору ачылышкан. Алсак 2011-жылы борборлор Жалал-Абад жана Ош шаарларында ачылып, андан кийин Бишкекте ачылыш салтанаты өткөн. КТБны түзүүнүн негизги максаты - калк үчүн документтештирүү тутумун жакшыртуу жана жөнөкөйлөштүрүү.

Ошол мезгилден тартып документтерди тариздетүү процесси толугу менен автоматташтырылды, түзүлүп жаткан маалыматтык базалар бюрократияны кыскартышты жана адамдар жумулап ар кайсы инстанцияларга маалымкаттарды топтоо үчүн чуркабай калышты. 2017-жылы жаңы форматка өтүү менен, кызматтардын үстүндө иш алып баруудан тышкары, имараттарда келген коноктор жана кызматкерлер үчүн шарттар түзүлүүдө.

Уюшулган учурунан тартып, КТБ абдан тез арымда өнүктү, өз өнүгүү жолунда ар кыл баскычтарды басып өттү. Акыркы 2 жылда КТБ тутуму өзгөртүп түзүлүп, татыктуу жыйынтыктарды көрсөтө алды.

КТБ сандарда:

- 7 жыл ичинде бир ири КТБ эки миллионго жакын конокторду тейлеген;
- бүткүл Кыргызстан боюнча 262 кызматкер эмгектенет;
- кезекте күтүүнүн орточо убактысы 20 мүнөт;
- күнүнө келүүчүлөр саны 1000-1200 адам;
- ай ичиндеги келүүлөр саны 24000ге чейин;
- жылына 288 000гө жакын келүүчүлөр;
- 1 күн ичинде оператор 90го чейинки жаранды тейлейт.