Жарыяланган 16/11/2018
Биздин команда: Алмаз Кочонов жана Андрей Пичугин Ош ш. Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери

Ош – Кыргызстандын экинчи борбор калаасы, өзгөчө меймандостугу, түштүк колорити, ичи толо ашканалардагы таңкы тамактануу жана эң даамдуу тандыр лепешкалары жана самсылары үчүн баары сүйгөн шаар.

Бүгүн биз күн сайын элдин бакубаттыгына эмгектенишкен түштүк борборубуздун өкүлдөрү тууралуу айтып беребиз.

Алмаз Кочонов Ош ш. Калкты тейлөө борборунун, түштүк аймак боюнча долбоорлорду ишке киргизүүгө  жана ишке киргизилишине көзөмөлдүк кылууга жооптуу болгон жетекчиси. Паспорттоштуруу тутумунун бардык жактарын беш колундай билет. Биометриканы топтоо, шайлоочулар тизмелерин тактоо, шайлоолор мамкызматтарды автоматташтыруу Ош областында жана коңшу областтарда анын кураторлугу алдында ишке ашырылышкан.

Алмаз биздин жамаатыбызда 2011-жылдан тартып эмгектенет. Билими боюнча юрист, 2008-жылы КРПМБАдагы ишкер администрлөө магистри даражасы ыйгарылган. МККнын эки жолку отличниги.

Аз сүйлөгөндүгү, өтө оор басырыктуу мүнөзү жарандардын жана жамааттын маселелерин ызы-чуусуз жана чубалдырбай тез чечүүгө мүмкүндүк беришет. Ош КТБсынын кызматкерлеринин ынтымагы жана урматтоосу, тапшырмаларды кыйшаюусуз аткаруулары, алардын ишкананын спорттук жана маданий жашоосуна активдүү катышуусу жетекчинин башкаруучулук тажрыйбас ын тастыктап турат.

Өзү тууралуу кыскача

Жумуш:

Сиздин аткарган ишиңиз пайда алып келип жаткандыгын сезүү -  бул эң мыкты сыйлык!

Жамаат:

Биз бир чоң үй-бүлөбүз, бирок ар бирибизжин өз мүнөзүбүз жана жактырган нерселерибиз бар.

Кызыгуулар:

Сууда сүзүү, велоспорт кросс-кантри.

Үй-бүлө:

Үй-бүлөмдү баалаймын жана уулдарыма татыктуу үлгү болгум келет.

Ош ш. КТБсында, Алмаз Кочоновдун жетекчилиги алдында таланттуу жана жоопкерчиликтүү кызматкерлердин бири – Андрей Пичугин эмгектенет.

Өзүнүн 28 жаш курагында ал маалыматтык технологиялар тармагындагы өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн Президенттин ардак грамотасы менен сыйланган. МКК тармагы боюнча биометриканы топтоо, Жогорку Кеңештин жана Кыргыз Республикасы Президентинин депутаттарын шайлоолорду өткөрүү, Ош областы боюнча автоматташтырылган маалыматтык тутумдарды ишке киргизүү боюнча ири долбоорлорго техколдоо көрсөтүп келет.

Пичугин Россия Федерациясынын Приморск крайынын тургуну, 1993-жылы Ош ш. жашоо үчүн көчүп келген. Айыл чарба техникумунун бөлүм башчысы болгон чоң атасынын жана партиялык уюмдун катчысы болгон чоң энесинин колунда тарбияланган. Энеси башталгыч класстардын мугалими.

Андрей – Ош Технологиялык университетинин Кибернетика жана МТ факультетинин бүтүрүүчүсү. 2014-жылдын сентябрь айынан тартып КТБда эмгектенет.

Ушул жылы алгачкы ирет Ысык-Көлдө болуп, Кыргызстандын «берметинин» сулуулугунан абдан жакшы таасирлерди алган.

«Жумушумда мага IT-технологияга болгон өз кызыкчылыгымды жана өз калкыма жана мамлекетиме пайда алып келүү мүмкүндүгүн айкалыштырганым жагат. Биздин жамаат абдан ынтымактуу. Менин жетишкендиктерим – бул менин үй-бүлөмдүн сиңирген эмгеги, жана албетте, жетекчиликтин колдоосу» - деп айтты А. Пичугин.