Жарыяланган 05/11/2018
Сокулук Калкты тейлөө борборунун расмий ачылышы өттү

5-ноябрда Сокулук районунда жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору – 6 ачылды.

Бул Чүй областындагы райондук масштабдагы алгачкы КТБ болду, мурда паспорттоштуруу бөлүмдөрү жана ЖААК ар бири өз алдынча имараттарда болуп, келүчүүлөр жана кызматкерлер үчүн шарттары жок болчу. Тар коридорлордо аба жетишпей, тардыгынан улам кезек күтүүдө көчөдө туруу керек болчу. Кабыл алуу «тирүү» кезек боюнча жүргүзүлчү. Жергиликтүү жашоочулар буга көп даттаныша турган, аларга борбор калаага паспорт алуу үчүн келүү жеңилирээк боло турган. Архивдик жана кызматтык имараттар техникалык талаптарга жооп берчү эмес, бул сакталып турган документтердин бузулушуна алып келиши мүмкүн эле.

Жаңы КТБнын аянты 800 м2 түзүп турат, бул эски имараттардан 680 м2 көп. Капиталдык оңдоо жүргүзүлүп, автоунаа токтотуучу жайы жана велопарковкасы бар. Кондиционерлөө, видеобайкоо жүргүзүү жана электрондук кезек тутумдары орнотулушкан. Имарат маалымат алуу, күтүү залдары, документтерди кабыл алуу жана кошумча кызматтарды көрсөтүү зоналарына бөлүштүрүлүшкөн. Негизги трассадан аралыгы 200 метр, бул Сокулук, Панфилов жана Жайыл райондорунун жашоочуларына жаңы КТБга жеңил жетүүгө мүмкүндүк берет.

КТБ-6да жарандарга паспорт, ЖААК сызыктары боюнча кызматтардын 36 түрү сунушталмакчы. Жаңы форматтын принциби боюнча фото, касса, нотариус жана салтанаттар залынын кызмат көрсөтүүлөрү караштырылган.

Сокулук КТБ-6сын ачуу аймактарды өнүктүрүү жылынын жана «Биримдик. Ишеним. Жаратуучулук» Өкмөттүк программасынын алкактарында жүргүзүлүүдө.