Жарыяланган 17/10/2018
Биздин команда: Чынара Муратбекова - КТБ-3түн жетекчиси

«Биздин команда» бөлүгүнүн макалаларын улантуу менен биз эң назик кызматкерлерибиздин бири тууралуу айтып беребиз.
Ал Калкты тейлөө борборундагы эмгек жолун Шашылыш документтештирүү бөлүмү-1дин улук оператору позициясынан 2012-жылы баштаган. Ал 2017-жылы жаңы КТБ-3 ачылгандыгына байланыштуу жетекчи болуп дайындалган. «Инфоком» МИнин жана МККнын «Ардак грамоталары» менен сыйланган. Билими боюнча немец тилинин жана адабиятынын мугалими.
Чынара Муратбекова өзгөчө сылыктыгы жана баарлашуудагы кылдат мамилеси менен айырмаланат. Ишке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн мыкты көндүмдөрүнө ээ. Өзүнө талапты абдан катуу коёт жана калкка сунушталуучу кызаттарды жакшыртуунун үстүнөн туруктуу иш алып барат. Жамааттын коомдук жашоосуна ыракаттануу менен катышат. «Спортсменка, комсомолка жана жөн гана сулуу!» - мунун баары ал тууралуу.
Чынара Муратбекова эң мыкты жубай, эки баланын энеси. Бош мезгилинде өз жакындарын даамдуу кактап бышырылган тамактары менен кубандырганды жактырат.

- Сиздин иштеги эң татаал нерсе эмне?
- Каалагандай мамлекеттик органда сыяктуу эле, биздеги иш бир сааттык түшкү тыныгуусу менен сегиз сааттык жумуш күнү. Туптуура саат 9да КТБнын ар бир оператору жумуш ордунда аппак көйнөгү менен КТБнын жашыл бейджигин тагынып отурушу керек. Бул атрибуттарды тагынып жүрүү бизде милдеттүү болуп саналат! Келген адамдарга кылдаттык менен тыкан кийинген кызматкерлерди көрүү бир топ эле жагымдуу болот да, туурабы?
Күндөр бири бирине куюп койгондой окшош. Адамдар болсо ар түрдүүлөр келишет, ал эми кызмат көрсөтүү окшош. Көпчүлүк учурларда КТБга ак ниет адамдар келишет. Мен көп учурда бактылуу жүздөрдү көрөмүн, көрсөтүлгөн жардам жана кеңеш бергендиги үчүн ыраазычылыктын чын дилден айтылган сөздөрүн угамын - ушунун баары мага энергиянын жана кубанычтын соолубас булагын берет. Мага жамааттагы атмосфера жагат, жаңы билим, тажрыйба жана көндүмдөрдү алууга дайыма мүмкүндүк бар, менин ишим мага өсүүгө жана өнүгүүгө мүмкүндүк берет.

- Сиз тынч абалыңызды жана өз сабырдуулугуңузду бузбаганга эмне жардам берет?
- Мен үчүн эң татаал нерсе болуп өзүмдө стресске туруктуулукту иштеп чыгуу болгон. Жарандар менен иш алып баруу жеңил эмес, эч качан алардын маанайын жана реакциясын алдын ала биле албайсың. Практикада агрессивдүү маанайды ала келген арыз берүүчүлөр да жолугат, мында өз маалында керектүү сөздөрдү табуу, тынчтандыруу жана кырдаалды чечүү керек болот.

- Сиздин жамаат жана ишкана тууралуу пикириңиз:
- Менин ишим - бул менин экинчи үйүм, ал эми жамаат - экинчи үй-бүлөм. Жетекчинин ордунда эмгектенип, эң татаал нерсе - бул өз кесиптештериңди «коё берүү» экенин сездим. Ар бир кызматкер мен үчүн кымбат. Бир толкунда иштеп жатып, биз байкалбастан эле бири бирибизге байланышып калабыз. Ар биринде өз милдеттери жана тапшырмалары бар. Коллектив мыкты иштеген учурда, жумуш дагы кубанычтуу болот. Ишкана урматтоого жана таанылууга татыктуу, кесипкөйлүк жогорку деңгээлде, жетишилген нерсеге токтолуп калышпайт. Кызматкерлер жана калк кызматтарды сунуштоодогу жана алуудагы жакшы тарапка болгон олуттуу өзгөрүүлөр бар экенин белгилешет.

- Сиз үчүн турмуштагы эң маанилүү нерсе эмне? 
- Менин турмуштук позициямды төмөнкү сөздөр жакшы аныктап турушат: «Улуулуктун баасы – бул жоопкерчилик». Адамдарда жоопкерчиликти, эмгекти сүйүүнү, аткаруучулукту, тарбиялуулукту баалаймын. Менин жашоомдогу эң кымбат нерсе - бул менин үй-бүлөм! Бул турмуштагы эң кымбат болгон нерсе - бул биздин ден соолук жана биздин убактыбыз!