Жарыяланган 04/09/2018
Биздин командабыз: Кымбат Иманбекова – КТБнын жетекчиси

"Биздин команда" бөлүмүндө публикацияларды улантабыз. Бүгүн биз эң тажрыйбалуу кызматкерлердин бири тууралуу айтып бермекчибиз.

Кымбат Иманбекова – эң ири Калкты тейлөө борборунун жетекчиси.

КТБдагы эмгек ишмердигин 2011-жылдан тартып баштаган, оператордон жетекчиликке чейинки карьералык өсүштүн бардык тепкичтеринен өткөн. Көптөгөн ведомстволук сыйлыктарды, анын ичинде «МКК Отличниги» төш белгисине дагы ээ. Билими боюнча юрист. ЖОЖду аяктаганда паспорт тутумунда эмгектене баштаган, анын бүткүл тажрыйбасы элге кызмат кылууда камтылган.

Кымбат эже, ага көпчүлүгү урматтоо менен ушундай кайрылышкандай, эң жогорку талаптарга жооп берип турган жетекчи. Ал дайыма маңдайы жарык, колунан келген жардамын аябайт, жыйнактуу жана жайдары. Ал бүткүл КТБнын ишине жоопкерчилик тартат, ар бир келген адамга баары ыраазы болушу үчүн ыктуу жол табышы керек. Анын сезимтал жетекчилиги алдында күн сайын КТБда 80ге жакын адам эмгектенет, келген адамдардын саны эки миңге чейин жетет. Азыркы Чолпонатинкадагы, мурунку Тынчтык простпектиндеги Калкты тейлөө борборунун жөнгө салынган мыкты иши – анын салымы. Бардык жаңжалдуу учурларда Кымбат эже дипломат боло алат. МККнын документтештирүү процессин жакшыртуу жана жөнөкөйлөштүрүү ишмердигине активдүү катышат. Эгерде КТБда аврал болуп калса, ал борбордун эшигин жарым саатка мурун ачат жана КТБны үзгүлтүксүз иштөө режимине которот. Тажрыйба жана акыйкаттык, бул аны ушунусу үчүн бардыгы сыйлаган негизги сапаттар.

Кымбат Акимжановна мыкты жубай, үч жашы жеткен баланын энеси жана жакында эле небере кыздуу дагы болду. Бош убактысынын баарын ал үй-бүлөсүнө арнайт. Бак өстүрүүгө да абдан кызыгат.

•             Сиздин ишиңиздеги эң татаал нерсе эмес?

- Менин ишим адамдар менен тыкыс байланышта иш алып барууну болжолдоп турат, булбир эле маалда кызыктуу дагы, татаал дагы. Адамдар болсо ар түрдүү, талаптары менен каалоолору андан дагы ар башкача келишет. Корутунду өзүнөн-өзү чыгат: менин ишимдеги эң татаал нерсе – бул ар бир жаранга туура келген жекече ыкманы таба билүү...

•             Сиз тынчтыкты жана карманууну кантип сактап кала алуудасыз?

- Мен үй-бүлө менен жумуштун ортосунда балансты карманууга аракет кылуудамын – жакшы жетекчи болуу менен, ошондой эле жакшы эне жана жубай болгум келет. Мен гүлдөрдү жана аларга байланышкан нерсенин баарын чексиз сүйөмүн. Үйүмдө огород жана бакчам бар, аларга өзүм кам көрөмүн, бул бир аз алаксууга жана эс алууга жардам берет.

•             Сиздин коллектив жана ишкана тууралуу пикириңиз:

- Оң гана, коллектив ширелишкен, ынтымактуу, баарынын максаты бир – ишинде продуктивдүү болуу. «Инфоком» ишканасы тарабынан  паспорт, ЖААК, даректик каттоо, жарандык, чет өлкөлүк жарандарды каттоо боюнча автоматташтырылган маалыматтык тутумдар ишке киргизилишкен. Ушундан улам тейлөө процесси жөнөкөйлөштүрүлгөн жана кызматтарды көрсөтүү ылдамдыгы жогорулатылган, бул жарандарга ыңгайлуулук түзүү менен биздин ишибизди жеңилдетет. КТБнын персоналы үчүн жакшы шарттар түзүлөт, кызматкерлер ак ниеттүү эмгеги үчүн сыйланышат. Мен биздин «Инфоком»  ишканабыз менен, ошондой эле КТБ иш сапатын жакшырту уүчүн инновациялык технологияларды пайдаланып жаткандыгы менен абдан сыймыктанамын.

•             Сиз үчүн жашоодого эң маанилүү нерсе эмне?

- Адамдарда, баарынан мурун абийирдүүлүктү жана адам болууну баалаймын. Ар бир адамдын жашосундагы эң маанилүү нерсе, менин пикирим боюнча, анын турмуштук жолу. Мен, ар бир адам ушул жолду табышы жана анда болгон күч-аракетин жумшап эмгектениши керек деп эсептеймин, татыктуу жашап өтүү үчүн. Анан дагы, эне катары, мен үчүн эң баалу нерсе – бул менин балдарым.