Жарыяланган 15/08/2018

Калкты тейлөө борборуна (КТБ) конокко 13 жаштан 20 жаш курагына чейинки балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү «Биздин добуш» коомдук фондунун демилгеси боюнча тааныштыруу экскурсиясы менен келишти. Тааныштыруу маалыматынан тышкары, балдарга өз убагында документ алуунун зарылдыгы тууралуу түшүндүрүштү жана бардык процесстердин жөнөкөйлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн көрсөтүп бере алышты.

Экскурсиянын катышуучулары жаңы форматтагы КТБнын иш алып баруусу жана мүмкүндүктөрү менен таанышып чыгышты. Аталган КТБда Бишкек шаарынын Свердлов районунун жана Чүй областынын Аламүдүн районунун паспорттоштуруу жана ЖААК бөлүмдөрү жайгашышкан. Орто эсеп менен күн ичинде КТБ 1000-2000 адамды тейлеп үлгүрөт.

Электрондук кезектин ишке киргизилиши менен жарандарды тейлөө ылдамдыгы жогорулаган. Документтерди кабыл алуу 5 мүнөттөн 10 мүнөткө чейинки убакытты талап кылат. «Паспорт», «ЖААК» автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын ишке киргизилиши менен талап кылынуучу документтер жана маалымкаттар тизмеги кыскарган. Мисалга алсак, эски үлгүдөгү паспортту жаңысына алмаштыруу үчүн, эми жарандарга болгону ID-картасын көрсөтүү гана жеткиликтүү.

Ошондой эле жарандар паспортту үйгө барып көчмө тариздетүү боюнча мобилдик топтор борборунун кызматтарынан жана «Документтерди тездетилген тариздетүү» атайын VIP-кызматынан пайдалана алышат.

№2 Калкты тейлөө борбору Ч.Валиханов көч., 2 дареги боюнча, «Аю-Гранд Комфорт» соода борборунун имаратында жайгашкан.