«Инфоком» мамлекеттик ишканасы республиканын мамлекеттик органдарында “Infodocs” электрондук документ жүгүртүү системасын иштеп чыкты.

“Бүгүнкү күндө система 123 мамлекеттик органда иштейт, 6 айда 237 000 документ катталган, ошондой эле 9000ден ашуун кызматкер системанын пайдалануучулары болуп эсептелет.