Жарыяланган 16/05/2017
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун эталондору бекитилди

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун, алардын формасына, түсүнө жана техникалык өзгөчөлүктөрүнө ылайык гана колдонууну талап кыла турган эталондору бекитилишти, ушуга тиешелүү №205 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүктөрүн бекитүү жөнүндө» токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2017-жылдын 11-апрелинде кабыл алынган.

Белгилей кетүү керек, мурдараак 2016-жылдын июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам долбоору демилгеленип алынып чыккан.

Ошол мезгилде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан ведомство аралык жумушчу топтор менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жарандарынын инсандыгынын электрондук күбөлүктөрүнүн эскиздеринин жана дизайнынын, техникалык өзгөчөлүктөрүнүн долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлгөн жана паспорттордун дизайнынын негизги элементтеринин бири болуп мамлекеттик символика эсептелет.

Бирок, техникалык өзгөчөлүктөрү менен мамлекеттик символиканын эталонунун бирдиктүү үлгүсүн беките турган ченемдик документтер жок экендиги белгилүү болуп чыккан, аларды колдонуу учурунда тариздетилишине жана дизайнына карата бирдиктүү талаптарды эске албастан ар түрдүү көп сандаган варианттарга жол берилип келген.

Мамлекеттик туунун жана гербдин техникалык параметрлеринин кеңири сыпатталышы менен бирдиктүү стандарттардын болушунун зарылдыгын көңүлгө алуу менен, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2017-жылдын февралында «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол коюлган, ага ылайык КР Өкмөтү мамлекеттик символдордун сүрөттөлүшүн бекитүүгө ыйгарым укуктуу болот.

Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун жаңы дизайнында колдонушкан жана мамсимволиканын эталону катары бекитишкен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикасынын техникалык өзгөчөлүктөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкактарында, 2017-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасында жумушчу топтун катышуучуларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Ардак грамотасы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикасынын техникалык өзгөчөлүктөрүн иштеп чыгууга жана бекитүүгө кошкон өзгөчө салымдары, республиканын  калкына мамлекеттик каттоо кызматтарын сунуштоо тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча тыкыс кызматташуулары үчүн салтанаттуу сыйлоо аземи жүргүзүлдү, сыйлануучулар: А. Чоңбашев – «Кыял» мамишканасынын башкы сүрөтчүсү, Г. Токтосунова – искусство таануучу, академик жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Continent», «St. art LTD» алдыңкы типографиялык компаниялардын жана «I-Media» креативдик бюросунун жетекчилери жана кызматкерлери.