Жарыяланган 10/05/2017
МККнын кызмат көрсөтүүлөр порталында e.srs.kg «Каттоо дарегин текшерүү» жаңы функциясы иштетиле баштады

2017-жылдын 01-майынан тартып Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын – паспортун тариздетүүгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу башталды. Бардык жарандар үчүн Кызмат көрсөтүүлөр плорталынан онлайн режимде өзүнүн каттоосунун дарегин (каттоосун) алдын ала текшерүү мүмкүндүгү пайда болду. Паспортту алуунун милдеттүү шарты болуп маалыматтык тутумда дарегинин каттоосунун бар болушу эсептелет. Бул онлайн-сервис жарандардын ыңгайлуулуктары үчүн жана жарандарды тейлөө сапатын жакшыртууга багытталган.

2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык карталардын артыкчылыгы болуп паспортту тариздетүү үчүн документтер тизмегинин олуттуу кыскаруусу эсептелет, мында жаран тууралуу маалыматтар КБМР (Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестри) базасында болууга тийиш. Бул, жаран тууралуу актуалдуу маалыматтар КБМРде бар болгон учурда документтердин көчүрмөлөрүн берүүнүн зарылодыгы жок экендигин билдирип турат (мисалы, дареги тууралуу маалымкатты, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, никелешүүсү тууралуу, ФААсын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү).

МКК жарандарга паспортту алууга карата арыз берүүнүн алдында Порталдагы даректи текшерүү боюнча кызматтан колдонууну сунуштайт. Кызмат акысыз көрсөтүлөт.

 

Каттоо дарегинин бар экендигин кантип текшерүүгө болот:

  1. Дарек сабында МККнын e.srs.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөрпорталынын дарегин терүү керек.
  2. Башкы бетте «Документтерди текшерүү» бөлүгүнөн «Каттоо дарегин текшерүүнү» тандоо зарыл.
  3. «ПИН» талаасын толтуруп жана «Мен робот эмесмин» талаасына «галочка» белгисин коюу керек.
  4. Дарегин каттоосу бар болгон учурда төмөнкү маалымат чагылдырылат:
  5. Каттооңуз жок болгон учурда, КТБга же паспорт столуна даректи каттоо үчүн кайрылуу зарыл болот. Даректи каттоо жашаган жана турган жеринен көз карандысыз төмөнкү укук аныктоочу документтер бар болгон учурда жүзөгө ашырылат:
  • Ордер же сатып алуу/сатуу, белекке тартуу кылуу келишими;
  • Турак-жай имаратынын менчик ээсинин паспорту;
  • Турак-жай имаратынын менчик ээсинин макулдугу.

Суроолор пайда боло турган болсо, МККнын колл-борборуна 119 номерине кайрылыңыз.