Жарыяланган 11/11/2016
Инфоком Күнү: «Кыргыз улуттук кийимдери» сынагы өткөрүлдү

11-ноябрда «Инфоком» МИнин түзүлгөн күнүнө карата «Кыргыз улуттук кийимдери» сынагы «Инфоком» МИнин ведомстволук түзүмдөрүнүн жана борбордук аппаратынын кызматкерлердин арасында өткөрүлдү, ал мамлекеттик ишкананын 2016-жылга каралган мамлекеттик тилди жана маданиятты өнүктүрүү боюнча Иш-чаралар планында караштырылган.

            Сынак бет ачарлар үч багытта өткөрүлүштү:

     1. унутта калган же азыркыларга аз тааныш болгон кийимдин предмети;

     2. костюмдун, элементтин багыты, оймо-чиймелеринин мааниси;

     3. кийим предметтерин жаш курагы боюнча көрсөтүү: балдар, чоңдор (аялдар жана эркектер).

 

  Сынакка 6 команда катышты. Баары жоопкерчилик менен даярданган командалар ортосунда таймаш катуу өттү.

  Көрсөтүлгөн бет ачарлардын жыйынтыктары боюнча, жюринин чечими менен жеңиш орундары төмөнкүдөй  бөлүштүрүлдү:

   1-орун: Калкты тейлөө борбору–2

   2-орун: Телефондук тейлөө борбору / Персонификациялоонун мамлекеттик борбору

   3-орун: Калкты тейлөө борбору–1 / ишкананын Укуктук камсыздоо бөлүмү

  Жеңүүчүлөр улуттук стилде жасалган сувенирлер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

  Биз “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын жамаатын майрамы менен куттуктайбыз!

   Бекем ден соолук, жаңы долбоорлорду, алдыга коюлган пландардын жана милдеттердин ишке ашырылышын   каалайбыз!