Жарыяланган 02/11/2023
Infodocs пайдалануучулары булуттук колтамгасынын мөөнөтүн онлайн узартышат

“Инфоком” мамлекеттик ишканасы булуттук электрондук колтамга (БЭК) жаатындагы маанилүү кадам тууралуу билдирет. Эми, Infodocs электрондук документ жүгүртүү системасын (ЭДС) пайдалануучулар булуттук сертификаттарынын колдонуу мөөнөтүн оңой жана тез узарта алышат.

Бүгүнкү күнгө чейин булуттук электрондук кол тамганын колдонуу мөөнөтү аяктаган учурда кызматкерлер расмий кат жазууга же Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) барууга аргасыз болушкан. Эми алардын сертификатын узартуу жана үзгүлтүксүз иштөөнү улантуу үчүн бир гана “баскыч” керек.

БЭК колдонуу мөөнөтү аяктаганга бир жума калганда, Infodocs ЭДС пайдалануучулары узартуу жөнүндө сунуш менен билдирүү алышат. ЭДС жана “Е-Кызмат” системасын интеграциялоо кызматкерлердин маалыматтарын автоматтык түрдө текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет. Текшерүү ийгиликтүү өткөндөн кийин, кызматкерлер өзүнүн электрондук почтасына жаңы сертификат алат жана анын иштөөсү басаңдабайт.

Мындай инновация булуттук электрондук колтамганы узартуу процессин ыңгайлуу жана натыйжалуу кылып, кызматкерлерге күтүүлөрдөн жана түйшүктөрдөн качууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетчү нерсе, Infodocs электрондук документ жүгүртүү системасы 2000 уюмда, анын ичинде бардык мамлекеттик органдарда ийгиликтүү ишке киргизилди жана 115 000 пайдалануучу катталды.

Бул жаңылык менен “Инфоком” МИ өз кардарларынын ишин үзгүлтүксүз жакшыртууга жана жеңилдетүүгө умтулуусун баса белгилейт.