Жарыяланган 12/10/2023
Мобилдик КТБлардын чыгууларынын статистикасы

8 айдын ичинде КТБнын мобилдик тобунун социалдык чыгуусунун аркасында жалпы Кыргызстан боюнча 852 адам ар кандай багыттар боюнча акысыз кызмат көрсөтүүлөрдү алышты. КР СӨМ алдындагы "Инфоком" МИ калкты каттоо департаменти менен бирдикте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, карылар үйлөрүндө жашаган адамдарга, майып (биринчи) топтогу балдарга, жетим балдарга жана балдар үйлөрүнүн, ДМЧА тарбиялануучуларына акысыз негизде үзгүлтүксүз социалдык чыгууларды жүргүзөт.
 

Мобилдик КТБ жалпы Кыргызстан боюнча паспортту тариздөө кызмат көрсөтөт:

  • Туруктуу жашаган жери боюнча каттоо;
  • Паспортту биринчи жолу алуу, алмаштыруу, калыбына келтирүү;
  • Санарип электрондук кол тамганы берүү;
  • 3 күндө паспорт алуу мүмкүнчүлүгү.

 

Жеринде документтештирүү кызматтары менен бирге эле жарандар санарип электрондук кол тамгасын акысыз ала алышат.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, биринчи топтогу майыптар, мамлекеттик социалдык мекемелерде жашаган адамдар үчүн мобилдүү КТБ акысыз барат.

Сиз ошондой эле акы төлөнүүчү/акысыз негизде мобилдик топтун чыгуусуна заказ бере аласыз. Тапшырык үчүн 119 колл-борборуна же жакынкы КТБга кайрылыңыз. Корпоративдик чыгуулар үчүн арзандатуулар каралган!