Жарыяланган 12/10/2023
“Инфоком” МИ 11 жыл ичинде мамлекеттик маанидеги 9,8 миллиондон ашык документти жекелештирди

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасына 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун даярдоого жана жекелештирүүгө ыйгарым укук берилген. 11 жыл ичинде мамлекеттик маанидеги 9,8 млн. ашык документ чыгарылды жана жекелештирди, бул 9 810 200 паспорт жана 685 278 инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтер.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын Мамлекеттик жекелештирүү борбору (МККнын укугун улантуучу) 2012-жылдын 12-октябрынан баштап иштеп жатат.

Буга чейин паспортторду даярдоо менен жеке компания алектенип келген, бул мамлекеттик кызыкчылыкка туура келбей, ал тургай жарандар тууралуу маалыматка ээ болгондуктан өлкөнүн улуттук коопсуздугуна олуттуу коркунуч жараткан.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун даярдоонун мамлекетке өтүшү бул тобокелдиктерди жокко чыгарууга мүмкүндүк берди.

Жекелештирүү борбору алдыга коюлган тапшырманы ийгиликтүү аткарып, андан тышкары инсандыгын күбөлөндүрүүчү башка документтерди чыгара баштады, булар - Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору, айдоочулук күбөлүктөр, экипаждын мүчөлөрүнүн күбөлүктөрү, апрель революциясынын баатырларынын үй-бүлө мүчөлөрүнө күбөлүктөр, “Мекен-карт”.

Жекелештирүү борборунун бирдиктүү жамааты өз ишин дайыма өркүндөтүп жана квалификациясын жогорулатып турат. Борбор заманбап жабдуулар менен жабдылган, алар сапаты боюнча да, корголушу боюнча да эл аралык стандарттарга ылайык келген документтерди даярдоого мүмкүндүк берет.

Он бир жыл ичинде Жекелештирүү борбору мамлекеттик маанидеги 9,8 млн. ашык документтерди чыгарды:

  • 2004-жылдын үлгүсүндөгү ID-карта – 1 849 345;
  • 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорт – 2 304 797;
  • 2006-жылдын үлгүсүндөгү дипломатиялык паспорт – 1 452;
  • 2006-жылдын үлгүсүндөгү кызматтык паспорт – 887;
  • 2017-жылдын үлгүсүндөгү eID-карта – 3 562 097;
  • 2018-жылдын үлгүсүндөгү экипаждын мүчөлөрүнүн күбөлүгү – 2095;
  • 2019-жылдын үлгүсүндөгү улуттук айдоочулук күбөлүк – 683 159;
  • 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорт (34 б.) – 1 368 966;
  • 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорт (50 б.) – 35 763;
  • 2020-жылдын дипломатиялык паспорт – 1040;
  • 2020-жылдын кызматтык паспорт – 575;
  • Мекен-карт – 24.