Жарыяланган 15/11/2022
Кант шаарында Ысык-Ата районунда жаңы форматтагы биринчи Калкты тейлөө борбору ачылды

2022-жылдын 15-ноябрнда Кант шаарында Ысык-Ата районунда жаңы форматтагы биринчи Калкты тейлөө борбору ачылган.

Жаңы КТБнын жайы келүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин ыңгайлуу болуусу үчүн зарыл болгон бардык нерселер менен жабдылган. Ичинде маалымдама кызматы, нотариус, касса, кенен эки күтүү залы, сүрөт, эне жана бала бөлмөсү бар. Ошондой эле документтерди тездетилген тариздетүү боюнча кызматтар - ВИП-кызмат көрсөтүлөт.

Калкты тейлөө борборун ачуу максатында Кант шаарынын мэриясы "Инфоком" МИси менен биргеликте Ысык-Ата районун өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен "Кыргыз Почтасы" ААКынын жана "Кыргызтелеком" ААКсынын имаратын оңдоону демилгелеген, КТБны жайгаштыруу үчүн имаратка 8 млн сомдон ашык суммада капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн, 3,5 млн сомго жакын эмерек жана жабдуулар сатып алынган.

  • Каржылоо булагы: Ысык-Ата районун өнүктүрүү фонду, "Инфоком" МИ;
  • Аянты – 614 м2;
  • Унаа токтотуучу жайлар – 80 унаага;
  • Залдагы орундардын саны – 100;
  • Кызматкерлердин саны - 17;
  • Дареги - Кант ш., Ленин көч., 97, "Кыргызтелеком"ААКнын имараты.

Ысык-Ата райондук КТБнын ачылышынын алкагында "Инфоком" МИ тарабынан төмөнкүлөр даярдалды: персонал (операторлор), автоматташтырылган маалыматтык системалар кошулду, техникалык жабдуулар жана эмеректер сатып алынды.

Иш-чарага санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов, КР Президентинин Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев, Ысык-Ата районунун акими Алмазбек Осмонов, Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров, "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Асель Кененбаева жана Калкты каттоо департаментинин директору Нурсултан Сардарбеков катышышты.