Жарыяланган 04/11/2022
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы portal.tunduk.kg аркылуу туулгандыгы тууралуу күбөлүктү тариздөө жаңы сервис - онлайн режиминде пилоттук режимде ишке киргизилди.
⠀"ЖААК" системасынын техникалык оператору болуп КР СӨМ алдындагы "Инфоком" МИси.
⠀Жаңы кызмат төмөндөгү мүмкүнчүлүктөрдү берет:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алууга арыз берүү;
- "Балага сүйүнчү" жөлөк пулду алуу жана банкты тандоо;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк үчүн төлөө үчүн онлайн квитанцияны алуу;
- жаранга ыңгайлуу боло турган КТБны тандоо.
⠀Кызмат көрсөтүүнү онлайн алуу үчүн КТБден акысыз берилүүчү электрондук булут кол тамгасын болушу зарыл.
⠀Ошондой эле даяр күбөлүктү ыңгайлуу КТБден алуу үчүн тандоо шарты бар.
⠀Мындан ары жеткирүү кызматын ишке киргизүү пландаштырылууда.
⠀Пилоттук долбоордун экинчи этабында каза болгондугу жөнүндө күбөлүктү алуу үчүн онлайн режиминде тапшыруу болот.