Жарыяланган 11/10/2022
Жеке жактар үчүн электрондук булут кол тамганын сертификатын онлайн режиминде узартса болот

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" МИси жана "Түндүк" ММси менен биргеликте жеке жактар үчүн булутка негизделген электрондук кол тамга системасын (ЭБК) жаңылады, анда жаңы функциялар кошулду:

Колдонуучунун электрондук почтасына ЭБКнын аяктагандыгы жөнүндө билдирүүнү жөнөтүү – 30 календардык күн мурда жана ЭБКнын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 7 календардык күн калганда;

Колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен сертификатты бир ай ичинде portal.tunduk.kg мамлекеттик кызмат порталындагы жеке кабинетте узартуу мүмкүнчүлүгү киргизилди.

Электрондук булут кол тамгасын республика боюнча калкты тейлөө борборлорунан акысыз алууга болот, ал салык отчетун тапшыруу, ошондой эле portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан мамлекеттик кызматтарды (маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү) алуу үчүн зарыл.

Бүгүнкү күндө юридикалык жана жеке жактарга 100 миңден ашык электрондук кол тамгалар берилди.