Жарыяланган 08/10/2022
Жалпы республикалык “Таза Мурас” акциясынын алкагында өлкө боюнча ишембиликке 100дөн ашык кызматкер катышты

Бүгүн "Таза мурас" жалпы улуттук кампаниясынын алкагында өлкөнүн бардык аймагында улуттук тазалык күнү өткөрүлүүдө.

"Инфоком" МИнин борбордук аппараты шаар четиндеги Пригородное айылындагы Юбилейная жана Гагарин көчөлөрү боюнча ишембилик өткөрдү.
Аймакты тазалоого ишкананын жетекчилиги жана 100дөн ашык кызматкер катышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти баштаган "Таза мурас" кампаниясы 2022-жылдын 31-октябрына чейин өтөт.

Белгилей кетсек, Ишкананын бардык бөлүмдөрү бүткүл өлкө боюнча республикалык ишембиликке чыгышты. Тактап айтканда, курчап турган аймакты, жакын жайгашкан участкаларын, жолдорду тазалоо жана жакшыртуу иштери жүргүзүлдү.

Экологияга, тазалыкка жана ыңгайлуулукка кам көрүү ар бирибизден башталат!