Жарыяланган 18/09/2022
«Баткенге жардам» гуманитардык жардамды эсепке алууда жана ыктыярчыларды каттоодо техникалык колдоо көрсөтүлүп жатат

«Инфоком» менен «Тундук» МИси бирдикте келип түшкөн гуманитардык жардамды эсепке алууда жана ыктыярчыларды каттоодо техникалык колдоо көрсөтүлүп жатат.

Белгилей кетсек, Спорт Ордосунда «Баткенге жардам» республикалык боорукердик штабы ишин алып барат, ал күнү-түнү иштейт.

Каалоочулар керектүү жардамдын тизмесин тел.: 1227 аркылуу тактаса болот.