Жарыяланган 12/09/2022
Carcheck система аркылуу жарандар унаага салык төлөнгөнбү же жокпу, маалымат ала алышат

КР Мамлекеттик салык кызматы транспорттук каражатка салык төлөө боюнча өзүнүн маалымат базасын электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын сервиси менен интеграциялоону пландаштырууда.

Азыркы учурда МСК КР салык мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну демилгелеп жатат. Система аркылуу, жарандар унаага салык төлөнгөнбү же жокпу, маалымат ала алышат. Өз кезегинде, "Инфоком" ми бул кызматты Carcheck'ке киргизүүгө техникалык жактан даяр.

 Транспортко салык төлөө боюнча текшерүү функциясын киргизүү менен жарандык контроль күчөтүлөт, ошону менен салык төлөбөгөндөрдүн саны азаят. Дагы бир оң натыйжа – салык сабаттуулугу жана унаа ээлеринин салык милдеттенмелери жөнүндө маалымдуулугу жогорулайт.