Жарыяланган 09/09/2022
Бишкекте эл аралык IT-форум өттү

Форумда Кыргызстан, Россия, Беларусь жана Казахстандык спикерлер катышты.

«Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациясы: чакырыктар жана перспективалар» деген тема менен «Инфоком» Мамлекеттик ишкананын директору - Кененбаева Асель Автандилбековна тааныштырып кетти.

Спикерлер IT-тармагындагы маанилүү темаларды, маалыматтык технологияларды өнүктүрүүнү, IT-кадрларды даярдоону жана маалыматтык коопсуздук темаларын талкуулашты.

Форум  "Инфоком" МИ менен Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ортосундагы эки тараптуу макулдашуулардын билим берүү программаларын өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө жана "ГосТех" ФКМ менен "Инфоком" МИ ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюу аземи менен аяктады