Жарыяланган 07/09/2022
КТБде кызматтарды кезекте күтпөй алса болот

Кандай колдонсо болот?

- Play Market же App Storeдон Earlyone тиркемесин көчүрүп алуу керек;

- Өлкөнү (Кыргызстан) жана тейлөөнүн ыңгайлуу тилин (орус же кыргыз) тандоо керек;

- Андан ары, пайда боло турган терезеден, КТБны, зарыл болгон күндү, убакытты жана кызмат көрсөтүүнү тандоо керек;

- Тиркеме кодду генерациялайт, электрондук кезек тутумунда виртуалдык орун түзүлөт. КТБга келген кезде, электрондук кезек терминалына барып, мурдараак тиркемеде берилген кодду киргизүү керек. Талон берилет. Талондун номери күтүү залындагы мониторго чыгарылат.

МАНИЛҮҮ: Белгиленген убакытка 20 мүнөт эрте келүү зарыл. Эгерде адам көрсөтүлгөн мезгилге үлгүрбөй жаткан болсо, анда тиркемеде кезекти 15 мүнөткө жылдыруу мүмкүндүгү бар.

Аталган тутумду адаптациялоо боюнча иштер "Инфокомдун" адистеринин тарабынан жүргүзүлгөн, долбоор армян компаниясынын техколдоосу менен ашырылууда.

 Келечекте республиканын бардык КТБларында ишке киргизүү пландаштырылууда.