Жарыяланган 25/08/2022
Үч айдын ичинде КТБда онлайн кезек брондоодон 200 миң адам пайдаланышты

2022-жылдын 1-июнунан тартып борбордун Калкты тейлөө борборлорунда онлайн кезек брондоо системасы киргизилген, үч айдын ичинде 200 миң жаран кызмат менен пайдаланып, кезек күтпөй КТБга келишкен.

Борбордук КТБга барууну Earlyone мобилдик тиркемеси аркылуу пландаштырса болот. Кантип?

1. Earlyone тиркемени Play Market жана App Store’дон жүктөп алуу керек;
2. Өлкөнү (Кыргызстан) жана ыңгайлуу тейлөө тилин (орус же кыргыз) тандоо;
3. Чыккан терезеде керектүү КТБни, күндү, убакытты жана кызматты тандаңыз;
4. Тиркеме кодду жаратат, электрондук кезек тутумунда виртуалдык орун түзүлөт;
5. КТБга келгенден кийин электрондук кезек терминалына барып, тиркемеде берилген кодду киргизүү керек. Талон берилет. Талондун номери күтүү залында мониторго чыгарылат.

Маанилүү: КТБга белгиленген убакыттан 20 мүнөт мурун баруу керек, эгерде адам жетише албаса, анда тиркемеде 15 мүнөткө жылдыруу мүмкүнчүлүгү бар.
Бул системаны адаптациялоо боюнча иштерди КР МЦР алдындагы "Инфоком" МИнин адистери жүргүзүштү, долбоор армян компаниясынын техникалык колдоосу астында ишке ашырылууда.
Келечекте республиканын бардык КТБларына онлайн кезек брондоону киргизүү пландаштырылууда, алардын биринчиси Ош шаарындагы филиал болот.