Жарыяланган 19/08/2022

Бүгүн өзүнүн 7 жылдыгын Телефондук тейлөө борбору белгилейт! Күн сайын алар сиздерди калкты каттоо боюнча тейлеп, сиздерди шайлоочулардын тизмесинен тактап, аукциондук номерлер жана АМТ e-Kyzmat, электрондук булут колтамгасын, жада калса аларга КТБнин ишине дагы арыз калтырып кетсеңиз болот. А быйыл болсо алар сиздерге электрондук мектепке жана бала-бакчаларга каттоо боюнча консультация беришти.
Алар «119» - жоодо турган батырлар, кең жүрөктүү, калкка жардам берем деп өз жумушуна күйгөн кызматкерлер!
Биз сиздерди чын жүрөктөн куттуктап, жумушуңарга ийгилик каалайбыз. Сиздерди баалайбыз жана чексиз маанилүү жумушуңарга ыраазычылык билдиребиз.