Экинчи этапта каттоо, жашаган жерине карабастан, мектепти тандаса болот.
Экинчи этапка мектептер гана катышат, бала бакчаларга катталуу кадимки режимде жүргүзүлөт.
Тапшыруунун алдында, mektep.edu.gov.kg сайтынан сиз каалаган мектептеги бош орундарды «Статистика» бөлүмүнөн текшериңиз.
Баланы кантип каттоо керек?
Электрондук каттоо менен биринчи класска катталуу үчүн, mektep.edu.gov.kg сайтына өтүү керек. Сайтта бардык талааларды толтуруу үчүн, жардамчы көрсөтмөлөр бар.
Туруктуу интернет байланышы бар болгону зарыл.
2022-жылдан бери электрондук каттоо тутуму Бүткүл Республика боюнча иштеп келе жатат!
Экинчи этапта туугандыгын текшерүү боюнча текшерүү барбы?
Ооба. Ата-эненин бала менен болгон байланышы системада бар болушу зарыл. Байланышты mektep.edu.gov.kg сайттан, «туугандыгын текшерүү» бөлүмүнөн текшерсе болот.
Эгерде сиздин маалыматтарыңыз базада жок болсо, анда жакынкы КТБдан маалыматыңызды санариптештирүү керек.
Мектепке тапшыруудан мурун текшерүү үчүн маалымат:
КР жарандары үчүн:
1. Баланын Аты-жөнү туура толтурулдубу;
2. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн portal.srs.kg электрондук кызматтар порталы аркылуу, «үй-бүлө жана балдар» бөлүмүн тандоо менен - > «ЖААКтын берилген документтеринин аныктыгын текшерүү» бөлүмүнөн текшерүү керек;
3. Ата-эненин Аты-жөнү туура толтурулдубу;
4. Portal.srs.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу, паспорттук маалыматтардын жарактуулугун, «паспортту текшерүү» бөлүмүнөн текшерүү керек;
5. Система каттоо дарегине карабай иштейт, бирок арыз берген ата-эненин каттоосу бар болуу зарыл!
Portal.srs.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу, «каттоо дарегинин бар экендигин текшерүү» бөлүмүнөн текшерсе болот.
Чет өлкөлүк жарандар үчүн:
1. Баланын ПИН-номери. Жакынкы КТБДАН алдын ала алыңыз;
2. Арыз берген Ата-энесинин ПИН-номери;
3. Арыз берген ата-энесинин дарегинин каттоосу.
Call-борбор: 119