Жарыяланган 22/06/2022
Караколдо жаңы КТБ куруу пландалууда, депутаттар долбоор менен таанышышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча көчмө жыйынынын алкагында депутаттар Каракол шаарындагы жаңы калкты тейлөө борборунун долбоору менен таанышышты.

Жаңы КТБнын курулушу Каракол шаарынын мэриясынын жана "Инфоком"МИнин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.

  • Участок: 18 сотка
  • Имараттын аянты: 500 м2 ашык
  • Унаа үчүн унаа токтотуучу жай
  • Жайгашкан жери: шаардын борборуна жакын